Бишкекте Баткен жоокерлерин эскерүү күнүнө арналган митинг-реквием өттү

 Бишкекте Баткен жоокерлерин эскерүү күнүнө арналган митинг-реквием өттү
Кыргызстанда 26-октябрда 1999-2000-жылдардагы Баткен окуясында курман болгон жоокерлерди эскерүү иш-чарасы белгиленди.
Октябрь районунун аймагындагы Д.Асанов атындагы паркта, Баткен жоокерлеринин эстелигине гүл коюу аземи болуп, митинг-реквием өткөрүлдү. Митингдин катышуучулары курман болгондорду бир мүнөт тыныгуу жана үч жолу мылтык атуу менен эскеришти.
Жыл сайын Октябрь району Баткен окуясынын катышуучуларына материалдык жардам көрсөтүп келет. Быйылкы жылы райондук бюджеттен материалдык жардам көрсөтүү үчүн администрация тарабынан 178 миң сом бөлүнгөн.
Жалпысынан Октябрь райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын каттоосунда 85 адам турат, Баткен окуясынын 84 катышуучусуна 2000 сомдон, каза болгон жоокерлердин 1 үй-бүлөсүнө 10000 сомдон берилди.
Иш-чарада Октябрь районунун акиминин биринчи орун басары Майрамбек Адылбеков катышып, өз сөзүндө Баткен окуясынын катышуучуларынын эрдигин жана баатырдыгын белгилеп, бардыгына ден соолук жана бакубатчылык каалап кетти.

Связанный пост