Кыргыз милициясынын түзүлгөн күнүнө карата уюштурулган динамиада жыйынтыкталды

 Кыргыз милициясынын түзүлгөн күнүнө карата уюштурулган динамиада жыйынтыкталды
1-ноябрь-Кыргыз милициясынын түзүлгөн күнүнө карата ички иштер органдарынын кызматкерлери арасында уюштурулган динамиада жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр сыйланды. Үч күнгө созулган мелдешке ИИМден жана аймактардан келген жалпы ондон ашык команда, спорттун ордо, дарте, тогуз коргоол, жеңил атлетика, шахмат, кол күрөш жана стол тенниси боюнча күч сынашты.
Мелдештин жыйынтыгы боюнча жалпы командалык жеңиште биринчи орунду ИИМдин Академиясы ээлеп, командага кубок, диплом жана акчалай сыйлык тапшырылды. Ал эми экинчи орунду ИИМдин Күзөт кызматынын курама командасы ээлесе, үчүнчү орунга Бишкек ШИИББдин кызматкерлеринин командасы татыды.
Жеңүүчүлөргө кубок, диплом жана акчалай сыйлыктар ыйгарылды. Андан сырткары оюн учурунда мыкты көрсөткүч көрсөткөн кызматкерлер жеке жетишкендиктери үчүн атайын медаль, грамоталар менен сыйланышты.

Связанный пост