Борбордогу троллейбустардын айдоочулары сыйланышты

 Борбордогу троллейбустардын айдоочулары сыйланышты
“Бишкек троллейбус башкармалыгы” муниципалдык ишканасында Автотранспорт жана жол кызматкерлеринин күнүнө карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун атынан, ошондой эле Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин, Транспорт жана коммуникация министрлигинин кызматкерлери Ардак грамоталар жана ыраазычылык баракчалары менен сыйланышты.
Белгилей кетсек, 25 жылдык стажы бар кызматкерлер үзүрлүү жана ак ниет эмгеги үчүн ведомстволук жана профсоюздук төш белгилер менен сыйланышты.
Иш-чара башкармалыктын профсоюзу тарабынан уюштурулган «Кыз-жигит» таланттар сынагы менен уланды. Троллейбус айдоочулары өздөрүнүн ар тараптуу таланттарын көрсөтүп, көрүүчүлөргө майрамдык маанай тартуулашты.

Связанный пост