Улан Ниязбеков Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 98 жылдыгы менен куттуктады

 Улан Ниязбеков Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 98 жылдыгы менен куттуктады

Ички иштер министри Улан Ниязбеков Кыргыз милициясынын түзүлгөнүнүн 98 жылдык мааракеси менен куттуктады.

Төмөндө министрдин куттуктоосунун толук текстин келтиребиз:

“Ардактуу ардагерлер! Урматтуу кыргыз милициясынын жана ички аскерлердин күжүрмөн эр-азаматтары!

Сиздерди Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 98 жылдыгы менен Ички иштер министрлигинин коллегия мүчөлөрүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан чын жүрөгүмдөн куттуктайм!

Чынчылдык, берилгендик жана кайраттуулук деген асыл сапаттар – ички иштер органдарынын кызматкерлерине, ички аскерлердин күжүрмөн жоокерлерине таандык экендигин жакшы билесиздер.

Биздин кызматкерлер – өлкөбүздүн тынчтыгын жана жарандарыбыздын коопсуздугун коргоп, өз өмүрүн, бүткүл жашоосун тобокелге салып, кызмат өтөп келүүдө.

Ар бир кызматкердин так ушундай бийик максаттары, катарыбыздан кайраттуу жана күжүрмөн азаматтардын чыгышына түрткү болуп келет.

Милиция кызматына коомдук тартипти бекем сактоо, кылмыштуулук менен келишкис жана аёосуз күрөш жүргүзүү милдети тапшырылган.

Милиционер болуу – бул чоң сыймык жана өзгөчө зор жоопкерчилик.

Анткени бир кылымга жакын убакыттан бери мамлекеттик системанын коом үчүн кызмат көрсөткөн эң керектүү, эң күчтүү, зарыл тиреги болуп келген.

Кызматкерлердин сапаттуу ишмердүүлүгү –өлкөбүздүн туруктуу өнүгүшү, жарандардын коопсуз жашоосунун кепилдиги болуп эсептелет.

Биз баарыбыз эл үчүн таза иштеп, коомчулук алдында жүзүбүз дайыма жарык болсун.

Ички иштер органдарынын кызматкерлери эл менен биримдикте жана ынтымакта биргелешип укуктук демократиялык мамлекетти чыңдоого, коомдук туруктуулуктун сакталышына жан аябастан терибизди төгүп, кызмат кыла беребиз.

Жалпы коопсуздук үчүн мамлекет тарабынан бардык жардамдар камсыздалып келүүдө.

Кыргыз Республикасынын президенти, Куралдуу күчтөрдүн башкы кол башчысы Садыр Жапаров коомдук тартипти сактоо багытындагы ишмердүүлүгүбүздү ар тараптан колдоого алып, келип чыккан маселелерибизди чечип берүүдө.

Ички аскерлердин жана милиция кызматкерлеринин айлыктарынын көтөрүлүшү, материалдык-техникалык базаны чыңдоого өзгөчө көңүл бөлүнүшү – бул бизге көрсөтүлгөн өзгөчө колдоо деп эсептейм.

Элибиздин жыргалчылыгы, туруктуу жашоосу жана келечеги үчүн талыкпай иштеп, жарандардын эркиндигин бекем сактоого арналган багытыбызда дайыма ийгиликтер жарала беришине тилектешмин.

Ушул тапта жарандарыбыз бизден көп нерсени күтүп жатат.

Себеби, биздин ишибиздин эң жогорку баасы – элдин бизге болгон ишеними экендигин унутпайлы.

Коомубуздун милицияга болгон ишенимин арттыруу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү жумшайбыз:

• Биз сиздер менен бирдикте ички иштер органдарын сапаттуу реформалоону улантабыз.

• Биз сиздер менен бирдикте, эл менен милициянын биримдигин чыңдайбыз.

• Биз сиздер менен бирдикте, ички иштер органдарынын кадыр-баркын жогорулатууга бардык аракетибизди жумшайбыз.

• Жарандарга сервистик кызмат көрсөтүүнүн жогорку үлгүсүнө жетишебиз.

• Санариптештирүү менен коомдук тартипти камсыздап, кылмыштуулукка каршы күрөшүп, сапаттуулукту эң бийик денгээлге көтөрөбүз.

• Адилет кызмат кылуу менен элибиздин үмүтүн актап, ак ниет кызматыбызды коомго тартуулайбыз.

Ардактуу ардагерлер!

Урматтуу кесиптештер!

Сиздерди Кыргыз милициясынын 98 жылдык майрамы менен дагы бир жолу чын ниетимден куттуктайм!

Мекенибизге кызмат кылууда ийгиликтерди каалайм!

Элибизде ынтымак, мамлекетибизде тынчтык болсун!

Сиздердин баарыңыздарга жана үй-бүлөңүздөргө бекем ден-соолук, узун өмүр, күч-кубат, чексиз кайраттуулук жана көптөгөн ийгиликтерди каалайм!

Коомубузда ар дайым аманчылык, ынтымак, өлкөбүздө бакубатчылык, бейпилдик болуп, күнүмдүк түйшүктүү жана жооптуу ишибиз мыйзамдуулук менен тартипти чыңдоого зор салымын кошсун!

Майрамыңыздар менен! Бар болуңуздар, аман болуңуздар!”

Связанный пост