Ош шаарында милиция кызматкерлеринин күнү белгиленди

 Ош шаарында милиция кызматкерлеринин күнү белгиленди
Ош шаардык ички иштер башкармалыгында 1-ноябрь Кыргыз Республикасынын милиция кызматкерлеринин күнүн белгилөөнүн алкагында иш-чаралар өткөрүлдү.
Майрамдык салтанатка Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Акылбек Мамасейитов, укук коргоо органдарынын жана күч органдарынын жетекчилери катышты.
А.Мамбетов ички иштер органдарынын кызматкерлеринин укук тартибин жана коомдук коопсуздукту камсыздоого кошкон салымын белгиледи. Ошону менен бирге Ош шаарынын мэриясы шаардын тынчтыгын жана коомдук-саясий турмушунун стабилдүүлүгүн камсыз кылуу маселелеринде укук коргоо органдары менен тыгыз кызматташууга жана ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө ар дайым даяр экенин кошумчалады.
Салтанаттын алкагында ички иштер органдарынын өзгөчөлөнгөн кызматкерлери, ардагерлери Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамоталары жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.
Белгилей кетсек, 1924-жылдын 1-ноябры кыргыз милициясынын түзүлгөн күнү болуп эсептелет. Быйыл ички иштер органдарынын кызматкерлери 98 жылдык салтанатты белгилешүүдө.

Связанный пост