Ак-Талаа районунан браконьерлер кармалды

 Ак-Талаа районунан браконьерлер кармалды

Жаратылыш ресурстары министрлигинин мамлекеттик инспекторлору “Илбирс” коомдук фондунун кызматкерлери менен биргеликте Нарын облусунун Ак-Талаа районунун аймагында рейдтик иш чара жүргүзгөн. Текшерүүдө Субару Форестер үлгүсүндөгү автоунаа токтотулуп,  ичинен мыйзамсыз олжолонгон 3 баш чил жана куралдар табылган.

Аталган факт боюнча ордунан протокол толтурулуп, Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” Кодексинин 261-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ ылайык 10 000 сом айып пул салынып, 6 000 сом доо коюлду.

Связанный пост