Жаңы жылдык салютка 755 миң сом жумшалат

 Жаңы жылдык салютка 755 миң сом жумшалат

Ала-Тоо аянтындагы Жаңы жылды майрамдоо түстүү фейерверк менен аяктайт. Майрамдык салюттарды уюштурууга шаардык бюджеттен 755 миң сом каралган. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, борбор калаанын мэриясы 2023-жаңы жылды тосууга майрамдык программа даярдоодо. Жаңы жыл алдында шаардыктарды чыгармачыл жамааттардын жана эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерттик программа күтөт.

Белгилей кетсек, жаңы жылдык фейерверк быйыл биринчи жолу эмес, буга чейин Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүндө да түстүү фейерверк аттырылган.

Связанный пост