Бишкек шаарында үч эм төрөлдү

 Бишкек шаарында үч эм төрөлдү

Бишкек шаарындагы №2 төрөт үйүндө 37 жаштагы Нурзида Садырбаева үч эм эркек балдарды жарыкка алып келди. Бул тууралуу төрөт үйүнүн башкы дарыгери Майрам Керималиева билдирди.

Анын маалыматына ылайык, ымыркайлар 35 жумалыгында кесарево жолу менен эртең мененки саат 10:06да жарык дүйнөгө келген.

Алардын үчөө тең эркек балдар. Ымыркайлар биринчиси 2360 грамм, экинчиси 1900 грамм, үчүнчүсү 2490 грамм салмакта төрөлдү.

Башкы дарыгер эрте төрөлгөн ымыркайларды багуу клиникалык протоколго ылайык жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.

Белгиленгендей, учурда эненин абалы канааттандырарлык.

Связанный пост