Азиз Мурадиллаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты 19-декабрда өтөт

 Азиз Мурадиллаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты 19-декабрда өтөт

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадиллаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 19-декабарда саат 11:00дө Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, маркумдун сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, актёр Азиз Мурадиллаев оорудан улам кечээ, 17-декабрда көз жумган.

Мурадиллаев 1978-жылы Фрунзе шаарында туулган. Мектепти аяктагандан кийин Кыргыз улуттук драма театрынын алдындагы театралдык окуу жайга тапшырган. Кийин 1997-жылы Москвадагы Щепкин атындагы жогорку театралдык окуу жайга тапшырып, аны 2001-жылы аяктаган.

Ошол эле жылы Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрына артист катары кызматка алынып, ошол күндөн ушул күнгө чейин үзгүлтүксүз бир жерде эмгектенип келген.

Связанный пост