Ысык-Көл облустук өнүктүрүү фондунун колдоосу менен Ысык-Көл районунун Ананьево айылында жеке ишкер Абдулла Базарбаевдин “АГО Инстайл” ЖЧКсы тарабынан 200 орундуу кийим тигүү фабрикасы ачылды. Бүгүн, 25-апрель күнү расмий ачылышы болуп, ага Кыргыз Республикасынын Президентинин чечимдерин даярдоо башкармалыгынын начальниги Айбек Жунушалиев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Илияз Иманбетов, район жетекчилиги жана айыл тургундары […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн, 25-апрелде, «ПисНексус» фондунун Кыргызстандагы өкүлдөрү менен менен жолугушту. Жолугушууда 2021-2026-жылдары Кыргыз Республикасында «Кыргыз жараны» концепциясынын ишке ашырууда мамлекеттик түзүмдөр менен коомдук жана эл аралык уюмдардын өз ара кызматташуусу тууралуу пикир алышуу болду. Мамлекеттик катчы билдиргендей, “Кыргыз жараны” концепциясы элдин биримдигин бекемдеп, маданий ар түрдүүлүктү сактоого багытталган. Бүгүнкү күндө […]Читать далее
Өлкөдө жүргүнчү ташыган автобустар текшерилип, үч жуманын ичинде эреже бузгандарга 237 миң сом айып салынды. Автобустук каттамдарда жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу жана тейлөө сапатын жогорулатуу максатында өткөрүлүп жаткан рейддик иш-чара 3-апрелде башталган. 19-апрелге чейин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин аймактык башкармалыктарында түзүлгөн мобилдик топтор 2877 унааны текшерүүгө алып, коюлган талаптарга жооп […]Читать далее
Бүгүн Жапалак айыл өкмөтүнүн Орке айылында Курманжан Датканын эстелигинин ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти. Иш-чарага Ош шаардык кеңешинин төрагасы Салман Назилбеков, Ош шаардык кеңешинин депутаттары, Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров жана жергиликтүү тургундар катышты. Эстелик Ош шаардык кеңешинин депутаты Бексултан Усөновдун жана жергиликтүү элдин демилгеси менен тургузулган. […]Читать далее
2023-жылдын март айында Интернет-эквайринг технологиясы иштеп баштаган. Интернет-эквайринг-бул Кыргыз Республикасынын жарандарына чет өлкөлөрдөгү Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө паспорт жана ID-картаны даярдоо кызматтары үчүн “Элкарт”, “Visa”, “MasterCard” банк карталары аркылуу онлайн-төлөмдөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берген технология. Кыргызстандын жарандары 17 мамлекетте бул жаңы технологияны колдоно алышты. Биринчи айда кызмат аркылуу 238 ийгиликтүү төлөмдөр жүргүзүлгөн. Онлайн-төлөмдөр Германиядан – 67, […]Читать далее
“Бишкекбашкыархитектура” дүкөндөрдүн, дарыканалардын, акча алмаштыруу жайларынын тышкы көрүнүштөрүнүн эскиздик долбоорун
Бишкектин Биринчи май районунун башчысы, Максатбек Сазыкулов Биринчи май районунун башкы архитектору, Дастан Кадыров менен биргеликте жер-жерлерде аймакты мындан ары көрктөндүрүү жана жакшыртуу боюнча бир катар милдеттерди белгилешти. Бул тууралуу “Бишкекбашкыархитектура” МИнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, көчмө жыйынга Бишкек шаарынын мэриясынын кызматтарынын башка адистери да катышты. (Фаст-фуд) тез тамактануучу жайлардын пункттарын иретке келтирүүгө […]Читать далее
“Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканасы бир жылдык гүлдөрдү отургуза баштады. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Жазгы жоогазындардын ордун жайкы, түстүү петуниялар, сальвиялар, тагетес, алисум жана башка көптөгөн бир жылдык гүлдөрдун түрлөрү ээлейт. Учурда гүлдөрдү отургузуу Токтогул көчөсү менен кесилишкен Жаш Гвардия бульвары, Жеңиш аянты, “Дене тарбия” сквери, Пушкин көчөсү боюнча Курманжан […]Читать далее
Быйыл кыргыз сомуна 30 жыл болот. Бул багытта Улуттук банк 24-апрелден тарта 30 жылдык мааракеге карата ”Тарыхый окуялар” сериясындагы “Тай-туяк” жана “Сомго 30 жыл” коллекциялык тыйындарын чыгарганынан кабар беришти. 500 сом номиналы менен чыккан “Тай туяк” коллекциялык тыйыны күмүштөн куюлуп, алдыңкы бетинде тай туюктын сүрөтү жана арткы бетинде кыргыз тоолору менен оймо-чиймелер түшүрүлгөн. Салмагы 500 […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча жыл башынан бери ишке орноштуруу кызматтары тарабынан 3,6 миң адам ишке орноштурулган. Министрликтен билдиришкендей, эмгек рыногунун оорчулугун жеңилдетүү үчүн иш менен камсыз кылуунун активдүү саясатынын дагы бир артыкчылыктуу багыттарынын бири – бул, муктаж болгон жарандарды аймактарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу үчүн тарткан учурда акы төлөнүүчү коомдук […]Читать далее
Ата мекендик «Аэро Номад Эйрлайнс» авиакомпаниясы 2023-жылдын 22-майынан тартып Ош-Красноярск-Ош багыты боюнча авиакаттамдарды кайрадан жандантууна көздөөдө. Бул тууралуу “Манас эл аралык аэропорту” ААКнун басма сөз кызматы билдирди. Оштон Красноярскка авиакаттамдардын саны көбөймөкчү. Каттамдар Airbus A320 учагы менен жумасына 1 жолу аткарылмакчы. Буга чейин аталган багыт боюнча үзгүлтүксүз каттамдар жумасына 5 жолу каттап турган. «МЭА» ААК […]Читать далее