Мамлекеттик катчы: «Кыргыз жараны» концепциясын ишке ашырууда мамлекеттик органдар менен коомдук жана эл аралык уюмдардын тыгыз иш алып баруусу маанилүү

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн, 25-апрелде, «ПисНексус» фондунун Кыргызстандагы өкүлдөрү менен менен жолугушту.

Жолугушууда 2021-2026-жылдары Кыргыз Республикасында «Кыргыз жараны» концепциясынын ишке ашырууда мамлекеттик түзүмдөр менен коомдук жана эл аралык уюмдардын өз ара кызматташуусу тууралуу пикир алышуу болду.

Мамлекеттик катчы билдиргендей, “Кыргыз жараны” концепциясы элдин биримдигин бекемдеп, маданий ар түрдүүлүктү сактоого багытталган. Бүгүнкү күндө Кыргызстандыктардын жарандык иденттүүлүгүн калыптандыруу максатында “Кыргыз жараны” концепциясы жүзөгө ашырылууда. Өлкөдөгү этностордун тилин жана маданиятын сактоо, өнүктүрүү аталган документтин өзөгүн түзөт.

«Кыргыз жараны» концепциясы укуктук негизге ээ болгон документ. Азыркы учурда илим, маданият, идеология тармагында аракеттенген мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар ушул концепциянын негизинде иш алып барып жатканы буга далил», – деп баса белгиледи Сүйүнбек Касмамбетов.

Ал белгилегендей, «Кыргыз жараны» концепциясын ишке ашыруу максатында өлкө аймактарында жергиликтүү калк менен бир катар жолугушуулар уюштурулуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келүүдө. Нарын, Ысык-Көл жана Чүй облустарында форумдар өткөрүлдү.

«Кыргыз жараны» концепциясы боюнча жогорку окуу жайларда атайын окутуу курстары уюштурулган, илимий изилдөө борборлорунда конференциялар өткөрүлгөнүн кошумчалады.

Мындан тышкары, жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдыруу, телекөрсөтүүлөр жана радиоуктурууларды даярдоо, социалдык тармактар аркылуу коомчулукка жеткирүү иши колго алынган.

«Өлкө жарандарынын этникалык ар түрдүүлүгүнө карабай ынтымагы бекем, бир максатты көздөгөн коомду куруу – концепциянын негизги максаттарынын бири.  Ошондуктан концепцияны ишке ашырууда мындан ары дагы коомдук уюмдардын көмөгү, алардын иликтөө жана талдоо иштеринин жыйынтыгында келип чыккан сунуштамалары жана мамлекеттик органдар менен эриш-аркак иш алып баруусу маанилүү», – деп баса белгидеди Мамлекеттик катчы.

Эске салсак, 2020-жылдын 13-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен 2021-2026-жылдарга Кыргызстанда «Кыргыз жараны» деп аталган жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясы бекитилген.

Связанный пост