Бишкекте 1 млн 700 миң бир жылдык гулдор отургузулат

“Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканасы бир жылдык гүлдөрдү отургуза баштады. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Жазгы жоогазындардын ордун жайкы, түстүү петуниялар, сальвиялар, тагетес, алисум жана башка көптөгөн бир жылдык гүлдөрдун түрлөрү ээлейт.

Учурда гүлдөрдү  отургузуу Токтогул көчөсү менен кесилишкен Жаш Гвардия бульвары, Жеңиш аянты, “Дене тарбия” сквери, Пушкин көчөсү боюнча Курманжан Датканын эстелигинин жанында жана “Уркуя”скверинин жанында жүргүзүлүүдө.

Гүлзарлар улуттук оймо-чиймелер, жылдыздар, ошондой эле символикалык даталар түрүндөгү ар түрдүү композициялар менен толтурулууда. Гүлзарлардын эскиздерин Бишкек жашыл чарбанын ландшафттык дизайнерлери түзүүдө.

Белгилей кетсек, быйыл шаарга бир жылдык 1 миллион 700 миң гүл отургузулат. Кооз гүлдөгөн бир жылдык өсүмдүктөрдүн негизги артыкчылыгы-жай бою гүлдөп, көздү кубантып, бир мезгил бою шаардын көркүн ачат.

Борбор калаанын мэриясы шаар тургундарынан гүлдөргө аяр мамиле кылууну, үзбөөнү суранат.

Связанный пост