Ысык-Көл районунда 200 орунду тигүү цехи ишке кирди

Ысык-Көл облустук өнүктүрүү фондунун колдоосу менен Ысык-Көл районунун Ананьево айылында жеке ишкер Абдулла Базарбаевдин “АГО Инстайл” ЖЧКсы тарабынан 200 орундуу кийим тигүү фабрикасы ачылды.

Бүгүн, 25-апрель күнү расмий ачылышы болуп, ага Кыргыз Республикасынын Президентинин чечимдерин даярдоо башкармалыгынын начальниги Айбек Жунушалиев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Илияз Иманбетов, район жетекчилиги жана айыл тургундары катышышты.

Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун киреше алып келүүчү долбоорлорду каржылоого карата каралган акча каражатынын эсебинен 20,0млн.сом каралган.

Бүгүнкү күндө курулуш иштери аяктап, тигүүчү эмеректер орнотулуп, тикмечилер алынып, окутуудан өткөрүлдү. Ишкана тарабынан өндүрүлгөн продукция (аялдардын жана эркектердин сырткы кийимдери) Орусияга экспорттоого багытталган.

Связанный пост