“Бишкекбашкыархитектура” дүкөндөрдүн, дарыканалардын, акча алмаштыруу жайларынын тышкы көрүнүштөрүнүн эскиздик долбоорун иштеп чыгат

Бишкектин Биринчи май районунун башчысы, Максатбек Сазыкулов Биринчи май районунун башкы архитектору, Дастан Кадыров менен биргеликте жер-жерлерде аймакты мындан ары көрктөндүрүү жана жакшыртуу боюнча бир катар милдеттерди белгилешти. Бул тууралуу “Бишкекбашкыархитектура” МИнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, көчмө жыйынга Бишкек шаарынын мэриясынын кызматтарынын башка адистери да катышты. (Фаст-фуд) тез тамактануучу жайлардын пункттарын иретке келтирүүгө мүмкүн болду, көчмө пункттар эми Эркиндик бульварында мурдагыдай эле жол боюнда эмес, Киевский жана Токтогул, көчөлөрүнүн ортосундагы Сыдыков көчөсүндө муниципалдык аймакта жайгаштырылмакчы.

Андан ары, район башчысы Киев көчөсүнүн Абдрахманов көчөсүнөн Тыныстанов көчөсүнө чейинки аймагына жана Абдурахманов көчөсүнүн батыш тарабындагы Киев көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки аймагына өзгөчө көңүл бурду, бул жерде жеке субъекттер менен алдын ала макулдашуу бар, алар аймакты көрктөндүрүүгө жана жалпы сырткы көрүнүштөрдү чечүүгө жардам берүүгө даяр.

Райондун башкы архитекторуна аймакты көрктөндүрүү жана дүкөндөрдүн, дарыканалардын, акча алмаштыруу жайларынын жана башка объектилердин тышкы көрүнүштөрүн (фасаддарын) жаңылоо боюнча эскиздик долбоорду иштеп чыгуу сунушталды.

Ошондой эле, Киев көчөсүнүн түндүк тарабынан автоунааларды жолго бирдей токтотуу маселесин изилдөө сунушталды.

Көчмө кеңешменин жыйынтыгы боюнча, Биринчи май райондук администрациясынын өкүлдөрү эскиздик долбоорлорду даярдоо үчүн “Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемесинин “Бирдиктүү терезе” бөлүмүнө кайрылуу чечими кабыл алынды.

Связанный пост