Курманжан Датканын кичи мекенинде эстелиги тургузулду 

Бүгүн Жапалак айыл өкмөтүнүн Орке айылында Курманжан Датканын эстелигинин ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Иш-чарага Ош шаардык кеңешинин төрагасы Салман Назилбеков, Ош шаардык кеңешинин депутаттары, Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров жана жергиликтүү тургундар катышты.

Эстелик Ош шаардык кеңешинин депутаты Бексултан Усөновдун жана жергиликтүү элдин демилгеси менен тургузулган.

Иш-чаранын жүрүшүндө айыл тургундары улуу жол башчы жана башкаруучу Курманжан Датканын эстелигин орнотууга салым кошкондорго ыраазычылыктарын билдиришти.

Курманжан Маматбай кызы (Курманжан Датка) Ош шаарына караштуу Жапалак аймактык кеңешине караштуу Орке (Орок) айылында көчмөндөрдүн үй-бүлөсүндө туулган.

Связанный пост