17 өлкөдөгү кыргызстандыктар паспорт жана ID-картаны даярдоо кызматтары үчүн онлайн төлөй алышты

 17 өлкөдөгү кыргызстандыктар паспорт жана ID-картаны даярдоо кызматтары үчүн онлайн төлөй алышты

2023-жылдын март айында Интернет-эквайринг технологиясы иштеп баштаган. Интернет-эквайринг-бул Кыргыз Республикасынын жарандарына чет өлкөлөрдөгү Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө паспорт жана ID-картаны даярдоо кызматтары үчүн “Элкарт”, “Visa”, “MasterCard” банк карталары аркылуу онлайн-төлөмдөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берген технология.

Кыргызстандын жарандары 17 мамлекетте бул жаңы технологияны колдоно алышты. Биринчи айда кызмат аркылуу 238 ийгиликтүү төлөмдөр жүргүзүлгөн. Онлайн-төлөмдөр Германиядан – 67, Казакстандан – 46, АКШдан – 41, Түркиядан – 31 төлөм өттү.

Белгилей кетсек, төлөм карталарын кармоочулар үчүн сайт аркылуу төлөм жүргүзүүдө комиссия кызмат көрсөтүүнүн наркынын 2,5% ын түзөт.

Связанный пост