Улуттук банк ”Тарыхый окуялар” сериясындагы “Тай-туяк” жана “Сомго 30 жыл” коллекциялык тыйындарын чыгарды

Быйыл кыргыз сомуна 30 жыл болот. Бул багытта Улуттук банк 24-апрелден тарта 30 жылдык мааракеге карата ”Тарыхый окуялар” сериясындагы “Тай-туяк” жана “Сомго 30 жыл” коллекциялык тыйындарын чыгарганынан кабар беришти. 500 сом номиналы менен чыккан “Тай туяк” коллекциялык тыйыны күмүштөн куюлуп, алдыңкы бетинде тай туюктын сүрөтү жана арткы бетинде кыргыз тоолору менен оймо-чиймелер түшүрүлгөн. Салмагы 500 граммды түзөт. Ал эми сатуу баасы 93 300 сом. Ал эми “Сомго 30 жыл” тыйынынын бетинде ар кайсы жылдары чыккан кыргыз банкноттордун фрагменттери түшүрүлсө, арткы бетине алгачкы кагаз тыйындарында колдонулган саркеч улуттук оймо-чийменин фонуна герб сүрөттөлгөн. Бул тыйынды калоочулар 4110 сомго сатып алса болот.

Связанный пост