Бүгүн, 18-апрелдеги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин кезектеги жыйынында электр энергиясына болгон тариф саясатынын аткарылышы тууралуу маалымат угулду. Жыйында баяндама жасаган Кыргыз Республикасынын Энергетика министри Таалайбек Ибраев белгилегендей, Кыргызстанда 2023-жылдын 1-майынан тартып өлкөнүн калкы үчүн электр энергиясынын баасы 23 тыйынга жогорулап, 1 сомду түзөт. «Электр […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн, 18-апрелде, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, акын жана жазуучу Асек Урманбетовдун үйүнө барды. Жеңиш күнүнүн алдында Сүйүнбек Касмамбетов Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун атынан уникалдуу мааракеге – туулган күнүнүн 100 жылдыгына карата жылуу куттуктоо сөздөрүн окуп берди. Куттуктоодо Мамлекет башчысы Асек Урманбетовго турмуштагы эрдиги, бекемдиги жана Жеңишке карай […]Читать далее
Өлкөнүн жарандарын жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу мамлекеттин ишинин артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат, бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын “Менин үйүм 2021-2026” мамлекеттик турак жай программасынын алкагында мамлекеттик турак жайды каржылоонун жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча ар кандай чаралар иштелип чыгууда. Калктын турак жайга муктаж болгон айрым социалдык топторуна карата жаңы багыттарды киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер […]Читать далее
Бүгүн Чүй электр тармактар ишканасынын базасында Кыргыз Республикасынын энергетика министри Таалайбек Ибраев “КУЭТ” ААКтын филиалдарына жаңы атайын техникаларды тапшырды. Бул атайын техникалар 2022-жылга коюлган, капиталдык курулуш планына ылайык «Кыргызстан УЭТ» ААК тарабынан сатылып алынган. Алынган SHANMON экскаваторлорунун жана бригадалык атайын автоунаалардын жалпы суммасы 31 845 469 сомду түздү. Атайын автоунаалар Ош, Жалал-Абад жана Нарын электр […]Читать далее
2023-жылга республикалык бюджеттин “Капиталдык салымдар” беренеси боюнча каржылануучу объекттердин бекитилген тизмесине 240 социалдык объектердин курулушу киргизилди. Анын ичинен 102 мектептин курулуш жумуштары уланууда, 37синин курулушу башталды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык баракчасында маалымдады. Калгандарынын курулуш жумуштарына конкурс жарыяланып, долбоордук-сметалык документтери даярдалып жатат. Жылдын аягына чейин 100дөн ашык […]Читать далее
Бүгүн, 2023-жылдын 18-апрелинде Бишкек шаарында 20-апрелге чейин созула турган “Курулуш, энергетика, атайын техника, коопсуздук” 20-юбилейлик эл аралык конгресс-көргөзмө форуму өтүүдө. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин маалыматтык бөлүмү маалымдады. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директорунун орун басары Нурадил Баясов катышып, курулуш тармагы ИДПнын 9,6%ын түзөрүн жана 2,4% […]Читать далее
2023-жылдын титулдук тизмесине ылайык, Шералиев жана Жайыл-Баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан: балдар аянтчасын, воркаут жабдууларын орнотуу, жарыктандыруу, тротуарларды оңдоо, жашылдандыруу иштери каралган. Бүгүнкү күндө воркаут жабдууларын, селкинчектерди жана тротуарларды куруу иштери аяктады. Балдар аянтчасынын жалпы аянты 0,0916 га. Учурда, аймакты жакшыртуу жана жарыктандырууну туташтыруу пландалууда. «Элмир Линк» ЖЧКсы подряддык уюму иш алып барууда.Читать далее
КР ӨКМдин Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин адистери жер көчкү кооптуулугу бар тилкелерге изилдөө иштерин жүргүзүүдө. Кечээ, 17-апрелде Кара-Кулжа районунун кооптуу аймактары изилденди. Ал эми бүгүн изилдөө иштери Ноокат районунун кооптуу аймактарында жүргүзүлөт.Читать далее
Ош шаарынын Туран муниципалдык аймактык башкармалыгында балдардын жана үй-бүлөлөрдүн укуктарын кызыкчылыктарын камсыз кылуу максатында маалымат кампаниясы өттү. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын маалымат камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти. Маалымат кампаниянын максаты үй-бүлө мамилелерин жөнгө салуу аркылуу балдардын укуктарын, таламдарын жана турмуштук оор кырдаалда турган балдарды коргоону камсыз кылуу жаатында мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ведомстволор […]Читать далее
КРнын Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, өлкөнүн жолдору менен ашууларында күн бүркөк, айрым жерлерде кар аралаш жаан, кар жаап, бороон болуп жатат. Тынымсыз тазалоонун аракетинде жолдор ачык, каттам бар. Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун Чыйырчык ашуусунда жол ачык, унаа кыймылына чектөө жок. Ал эми аталган жолдун Тоң-Мурун ашуусунда түндө жааган кар толук тазаланды. Учурда […]Читать далее