Бишкекте “Курулуш, энергетика, атайын техника, коопсуздук” эл аралык конгресс-көргөзмө форуму өтүүдө

Бүгүн, 2023-жылдын 18-апрелинде Бишкек шаарында 20-апрелге чейин созула турган “Курулуш, энергетика, атайын техника, коопсуздук” 20-юбилейлик эл аралык конгресс-көргөзмө форуму өтүүдө. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин маалыматтык бөлүмү маалымдады.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директорунун орун басары Нурадил Баясов катышып, курулуш тармагы ИДПнын 9,6%ын түзөрүн жана 2,4% өсүү темпи менен тармакта оң динамика бар экенин белгиледи.
«Кыргыз Республикасында ишкердик жүргүзүү үчүн эң либералдуу шарттар түзүлдү. Жылдан жылга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети экономикалык жана ишкердик чөйрөнү жакшыртууда, бул бүгүнкү күндө курулуш тармагында ушундай масштабдуу универсалдуу жана жеке көргөзмөлөрдү өткөрүүгө мүмкүндүк берет», – деп баса белгиледи Н.Баясов.
Көргөзмөгө Европа жана Түштүк Азия сыяктуу 11 өлкөдөн 60 компания катышууда.

Связанный пост