“Менин үйүм 2021-2026” турак жай программасына өзгөртүүлөр киргизилди

 “Менин үйүм 2021-2026” турак жай программасына өзгөртүүлөр киргизилди
Өлкөнүн жарандарын жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу мамлекеттин ишинин артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат, бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын “Менин үйүм 2021-2026” мамлекеттик турак жай программасынын алкагында мамлекеттик турак жайды каржылоонун жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча ар кандай чаралар иштелип чыгууда.
Калктын турак жайга муктаж болгон айрым социалдык топторуна карата жаңы багыттарды киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-мартындагы № 140 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мамлекеттик турак жай саясаты чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомуна ылайык Программага өзгөртүүлөр киргизилди.
Көп жылдык эмгек стажы бар мамлекеттик сектордун кызматкерлери, иштеген жерине карабастан көп балалуу үй-бүлө, ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар же ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды камкордукка алган адамдар, жашы жете элек баланы ата-энесинин бири гана тарбиялаган толук эмес үй-бүлө жана айыл жергесинде иш алып барган жаш адистерге так талаптар белгиленип, “Социалдык ипотека” багыты каралган.
, “Социалдык ипотека” багытында жылдык 4% боюнча мамлекеттик ипотекалык кредиттерди бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлери гана эмес, иш чөйрөсүнө карабастан жарандардын айрым категориялары да ала алышат, атап айтканда:
– 5 жана андан ашык баланы тарбиялаган көп балалуу үй-бүлөлөр;
– ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар же ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын камкорчусу болуп эсептелгендер;
– жашы жете элек баланы бир гана ата-эне тарбиялаган толук эмес үй-бүлөлөр;
– айыл жергесинде иштеген жаш адистер.
“Социалдык ипотека” багытынын алкагында “МИК” ААКнун турак жай фондунан банктардын катышуусуз түздөн-түз кийин сатып алуу менен турак жайды узак мөөнөттүү ижарага берилет.
Мындан тышкары, Программанын алкагында ипотекалык кредиттерди берүү үчүн жарандардын аманаттарын тартууга багытталган контракттык турак жай аманаттарынын системасын өнүктүрүүгө басым жасалат. Бул система “МИК” ААКнун туунду компаниясы – “Элдик турак жай компаниясы” турак жай-сактык кредиттик компаниясы аркылуу ишке ашырылат.
Ошондой эле аталган системанын алкагында чет өлкөлөрдө иштеген республиканын жарандары vамлекеттик ипотекалык насыяларды ала алышат.

Связанный пост