Ош шаарында балдардын жана үй-бүлөлөрдүн укуктарын жана кызыкчылыктарын камсыз кылуу максатында маалымат кампаниясы башталды

Ош шаарынын Туран муниципалдык аймактык башкармалыгында балдардын жана үй-бүлөлөрдүн укуктарын кызыкчылыктарын камсыз кылуу максатында маалымат кампаниясы өттү. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын маалымат камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалымат кампаниянын максаты үй-бүлө мамилелерин жөнгө салуу аркылуу балдардын укуктарын, таламдарын жана турмуштук оор кырдаалда турган балдарды коргоону камсыз кылуу жаатында мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү жана маалыматтарды калк арасына жеткирүү.
Иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Н.Кадыров, Ош шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы К.Абдуллаев, шаардык билим берүү башкармалыгынын, Ош юстиция башкармалыгынын жана атайын кызматтардын өкүлдөрү катышты.
Мындай иш-чаралар Ош шаарындагы бардык МАБтарда өткөрүлөт.

Связанный пост