Электр тармактар ишканаларына жаңы техникалар тапшырылды

Бүгүн Чүй электр тармактар ишканасынын базасында Кыргыз Республикасынын энергетика министри Таалайбек Ибраев “КУЭТ” ААКтын филиалдарына жаңы атайын техникаларды тапшырды.
Бул атайын техникалар 2022-жылга коюлган, капиталдык курулуш планына ылайык «Кыргызстан УЭТ» ААК тарабынан сатылып алынган. Алынган SHANMON экскаваторлорунун жана бригадалык атайын автоунаалардын жалпы суммасы 31 845 469 сомду түздү. Атайын автоунаалар Ош, Жалал-Абад жана Нарын электр тармактар ишканаларына бөлүштүрүлүп берилди.
Энергетика министри Таалайбек Ибраев атайын техникаларды тапшырып жатып, энергетиктерге калкты үзгүлтүксүз жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн тиешелүү шарттар түзүлүп жатканын баса белгилеп, ошондуктан энергетиктер да алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдыкты жоопкерчилик менен көрүүгө, тиешелүү тапшырмалырды өз убагында аткарууга катуу тапшырма берди.
Андан тышкары атайын техникаларды алган электр тармактар ишканасынын жетекчилерине техникаларга аяр мамиле жасоого чакырды.
“Биздин койгон пландарыбыздын бири “КУЭТ” ААКтын филиалдарын керектүү жабдуулар, техникалар менен камыздоо болчу. Ал коюлган пландар чекесинен аткарылып келе жатат. Бүгүнкү алынган техникалар 2023-2024-жылдагы күз-кыш мезгилине даярдыктын бири. Биз муну менен гана токтоп калбастан алдыда дагы башка Энергокомпаняларга ушундай эле керектүү болгон техникаларды сатып беребиз. Алдыда план көп. Анын баарын акырындык менен ишке ашырабыз. Кызматкерлеге керектүү шартты түзүп берүүгө жетекчилик колдон келген аракеттерди кылып жатабыз, силер дагы өз ишиңерге так болгула.Бүгүнкү алган техникаңар кут болсун. Эл үчүн тынымсыз кызмат кылсын” – деди министр
Иш-чарага КРнын Энергетика министри Таалайбек Ибраев, Кыргызстан улуттук электр тармагы ачык акционердик коомунун башкы директору Алтынбек Рыспеков, Чүй электр тармактар ишканасынын жетекчиси Улан Астаркулов жана ишкананын кызматтык түзүмдөрдүн, бөлүмдөрдүн жетекчилери жана РЭТ жетекчилери катышты.

Связанный пост