Курулуп жаткан социалдык обьектилерге видео көзөмөл орнотулууда

 Курулуп жаткан социалдык обьектилерге видео көзөмөл орнотулууда
2023-жылга республикалык бюджеттин “Капиталдык салымдар” беренеси боюнча каржылануучу объекттердин бекитилген тизмесине 240 социалдык объектердин курулушу киргизилди. Анын ичинен 102 мектептин курулуш жумуштары уланууда, 37синин курулушу башталды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык баракчасында маалымдады.
Калгандарынын курулуш жумуштарына конкурс жарыяланып, долбоордук-сметалык документтери даярдалып жатат. Жылдын аягына чейин 100дөн ашык мектепти бүтүрүү боюнча Президент Садыр Жапаров тапшырма берген.
“Өлкө аймагындагы обьектилердин курулуштары, бажы өткөрмө пунктары ж.б киреше алып келүүчү мекемелер видео байкоо аркылуу көзөмөлгө алынган. Президент Садыр Жапаров жана тийешелүү жетекчилер видео көзөмөл аркылуу маалыматка ээ болуп, зарыл болгон учурда онлайн карап, көрүп турушат. Мына ушундай тартип менен курулуштар өз мөөнөтүндө аткарылып, киреше алып келе турган тармактардын өсүү темпи жогорулап, мамлекетибиз экономикалык жана социалдык жактан кубаттуу болуп келе жатат”, – деп белгиледи Д.Орунбеков.

Связанный пост