Бишкектин Арча-Бешик конушунда жаңы балдар аянтчасы ачылат

2023-жылдын титулдук тизмесине ылайык, Шералиев жана Жайыл-Баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан: балдар аянтчасын, воркаут жабдууларын орнотуу, жарыктандыруу, тротуарларды оңдоо, жашылдандыруу иштери каралган.

Бүгүнкү күндө воркаут жабдууларын, селкинчектерди жана тротуарларды куруу иштери аяктады.

Балдар аянтчасынын жалпы аянты 0,0916 га.

Учурда, аймакты жакшыртуу жана жарыктандырууну туташтыруу пландалууда. «Элмир Линк» ЖЧКсы подряддык уюму иш алып барууда.

Связанный пост