Быйыл кыргыз сомуна 30 жыл болот. Бул багытта Улуттук банк 24-апрелден тарта 30 жылдык мааракеге карата ”Тарыхый окуялар” сериясындагы “Тай-туяк” жана “Сомго 30 жыл” коллекциялык тыйындарын чыгарганынан кабар беришти. 500 сом номиналы менен чыккан “Тай туяк” коллекциялык тыйыны күмүштөн куюлуп, алдыңкы бетинде тай туюктын сүрөтү жана арткы бетинде кыргыз тоолору менен оймо-чиймелер түшүрүлгөн. Салмагы 500 […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча жыл башынан бери ишке орноштуруу кызматтары тарабынан 3,6 миң адам ишке орноштурулган. Министрликтен билдиришкендей, эмгек рыногунун оорчулугун жеңилдетүү үчүн иш менен камсыз кылуунун активдүү саясатынын дагы бир артыкчылыктуу багыттарынын бири – бул, муктаж болгон жарандарды аймактарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу үчүн тарткан учурда акы төлөнүүчү коомдук […]Читать далее
Ата мекендик «Аэро Номад Эйрлайнс» авиакомпаниясы 2023-жылдын 22-майынан тартып Ош-Красноярск-Ош багыты боюнча авиакаттамдарды кайрадан жандантууна көздөөдө. Бул тууралуу “Манас эл аралык аэропорту” ААКнун басма сөз кызматы билдирди. Оштон Красноярскка авиакаттамдардын саны көбөймөкчү. Каттамдар Airbus A320 учагы менен жумасына 1 жолу аткарылмакчы. Буга чейин аталган багыт боюнча үзгүлтүксүз каттамдар жумасына 5 жолу каттап турган. «МЭА» ААК […]Читать далее
Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча башкармалыгынын «Койша жана С» ЖЧКсына («Казакстан» мейманканасы) карата доо арызынын негизинде муниципалдык аймак соттун чечими менен бошотулду. Аталган башкармалыктын кызматкерлери «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери менен биргеликте Жибек-Жолу проспектиси 601 дарегинде жайгашкан объектти бузуп жатышат. Жер тилкесинин чыгыш тарабында 3х100 метр өлчөмүндөгү шлакоблок тосмосу, темир конструкция менен тосулган футбол […]Читать далее
Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов: Өлкөдө улуттар аралык мамилелерди бекемдөө иши билим берүү, маданий демилгелерди ишке ашыруу аркылуу мындан ары дагы улантылат Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн, 24-апрелде, жалпы россиялык коомдук уюм «Россия элдеринин Ассамблеясы» жана «Евразия элдеринин Ассамблеясы» эл аралык бирикмесинин өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууда мамлекеттер жана улуттар ортосундагы өз ара достуккка жана ишенимге […]Читать далее
Болочок ажылар менингит жана мезгилдик гриппке каршы эмдөөдөн 8-майга чейин өтүшү керек. Бул тууралуу Кыргызстан Дин башкармалыгынан билдиришти. 2023-жылы ажылык сапарына баруучу талапкерлер Кыргызстан боюнча Ажыларды эмдөөчү вакцинанын түрү, 4 компоненттүү менингитке каршы вакцина “ACYW 135” жана мезгилдик гриппке каршы “Гриппол” эмдөөсүнөн (вакцинация, иммунизация) үстүбүздөгү жылдын 26-апрелинен 8-майга чейин өтүшү кажет.Читать далее
Билим берүү жана илим министрлиги окуучулардын, билим берүү уюмдарынын педагогикалык жана административдик кызматкерлеринин коопсуздугуна коркунуч көбөйгөндүгүнө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын бардык билим берүү уюмдарында коопсуздук чараларын күчөтүү максатында буйрук чыгарды. Буйрукка ылайык, менчигинин түрүнө жана ведомстволук баш ийүүсүнө карабастан мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү уюмдардын, жогорку, орто жана башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарынын […]Читать далее
Дүйнөлүк эпостордун эл аралык VII фестивалынын алкагында “Мыкты кыргыз Боз үйү” сынагы жарыяланат. Сынак Боз үй жасаган улуу муундагы чеберлерден кийинки өсүп келе жаткан муундар үчүн салттуу өнөрчүлүк мектебин калыптандыруу, өнүктүрүү жана сактоо, кол өнөрчүлүктүн казынасын байытуу, элдин күнүмдүк турмушунда унутта калып бара жаткан өнөрчүлүк технологиясын кайра жандандыруу, кол өнөрчүлүктүн сырларын таасын билген уздар менен […]Читать далее
Байтик-Арчалы-Жал унаа жолуна асфальт төшөө иштери кызуу жүрүп жатат. “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын №1 жол тейлөө мекемесинин жолчулары жолдун 420 метр жерине асфальт жаткырышты. Белгилей кетсек, жол оңдоо иштери 22-апрелде башталган. Быйыл Байтик-Арчалы-Жал унаа жолунун 4 чакырымын оңдоо каралган. Жалпы 9 чакырым болгон жолдун былтыр 3 чакырымына асфальт жаткыруу иштери жүргөн. Баса белгилеп кетчү жагдай, жол […]Читать далее
Салык органдары жеке жактарга толук жана ар тараптуу жардам көрсөтүү максатында бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу боюнча иштин өзгөчө режимине өтүштү. Белгиленген графикке ылайык, 30-апрелге чейин декларациялар эртең мененки саат 9дан түн ортосуна чейин кабыл алынат. Декларацияны жумуш убактысында келип берүүгө үлгүрбөгөн жеке жактар аны саат 18.00дөн кийин бере алышат. Жеке ишкерлер болсо салык декларациясын электрондук түрдө гана тапшырышы […]Читать далее