Кызматкерлердин дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети “2023-жылы дем алыш күндөрүн жылдыруу жөнүндө” токтомун бекиткен. Бул токтомго ылайык, беш күндүк иш жумасынын графиги боюнча иштеген мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн 2023- жылдын 5- майынан тарта 9 -майга чейин узак дем алыш күндөрү белгиленген […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги Мыйзамына ылайык, жарандар жана мекемелер транспорт каражатына салык боюнча маалыматтык эсепти берүү милдетинен бошотулгандыгын Мамлекеттик салык кызматы маалымдайт. Эми салык органдары транспорттун мамлекеттик каттоосунун маалыматтарына ылайык салыктын суммасын өз алдынча эсептешет. Ошол эле учурда, ичинен күйүүчү кыймылдаткычы же баланстык наркы жок транспорт каражатынын ээлери салык мыйзамдарына ылайык маалыматтык эсепти беришет. Ошондой […]Читать далее
«Манас» эл аралык аэропорту» ААК 2023-жылдын I кварталында 1 миллион 145 миң 542 жүргүнчүнү тейледи. Былтыркы жылга салыштырмалуу жүргүнчүлөр агымы 15,4 %ге жогорулады. Анын ичинен ички каттамдарда жүргүнчүлөр агымы 331 миң 577 болсо, эл аралык каттамдарда жүргүнчүлөр агымы – 813 миң 965 жүргүнчүнү түздү. Ошондой эле, жогоруда аталган мезгилде 8 миң 758 каттам аткарылды: эл […]Читать далее
26-апрелде “Чоң-Кемин” мамлекеттик жаратылыш паркында бак-дарактарды масштабдуу отургузуу иш-чарасы ɵттү. Иш-чараны КР Жаратылыш ресурстары министрлиги “Жашыл Мурас” улуттук кампаниясынын алкагында ишке ашырууда. 15 миңге жакын көчөт: жалбырактуу жана ийне жалбырактуу дарактар отургузулду.Читать далее
Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 26-апрель күнү саат 23:23тө Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Тогуз-Торо районунун Кара-Суу, Табылгыты жана Өрнөк айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.Читать далее
Бүгүн Ош мамлекеттик университетинде өткөн “Кыргыз наркындагы жаштардын орду” аттуу форумга Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров жана Ош шаарынын жаштары, жогорку окуу жайлардын студенттери катышышты. Форумдун алкагында Мамлекеттик катчы Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгынын алкагында форумдун катышуучуларына баяндама жасады. Андан сырткары […]Читать далее
Сосновка постунда видеобайкоо орнотулгандан кийин төлөм чогултуу 49%га өстү. Бул тууралуу КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы билдирди. Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев фейсбуктагы баракчасына билдирүү жазып, Сосновка жана Кара-Көл постторунда быйыл төлөм чогултуу көбөйгөнүн билдирди. Анда министр эми каражаттар сол чөнтөккө эмес, мамлекеттин казынасына түшүүдө деп жазган. Тилек Текебаев министрлик кызматка киришкенден кийин эле Сосновка […]Читать далее
Бишкекте борбор калаанын вице-мэри Жыргалбек Шамыралиев менен HDT Impex s.r.o. жана ReGreen s.r.o. компаниялар консорциумунун чех эксперттери полигонго барышты. Эксперттер вице-мэр менен биргеликте учурдагы кырдаалга баа берүү үчүн барышты. Ошондой эле таштандыдан чыккан өрттөрдү өчүрүү маселесин жеринде чечүү каралды. Белгилей кетсек, мамлекет башчынын, ошондой эле Бишкек шаарынын мэринин тапшырмасы менен Бишкектин айланасын ууландырган жана түтүндүн […]Читать далее
“Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын №2 жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери тарабынан азыркы тапта эски асфальтты сыйрып алуу иштери аткарылууда. Белгилей кетсек, жол оңдоо иштери апрель айында башталган. Быйыл Баткен-Боз-Адыр (Ош-Баткен-Раззаков жолунун эски багыты) унаа жолунун 195,8-207,8-чакырым аралыгын асфальттоо каралган. Жалпы 22 чакырым болгон жолдун 12 чакырымына асфальт жаткыруу иштери жай айларында жыйынтыкталат. Жер иштери бүткөн соң жаңы […]Читать далее
2023-жылдын 25-апрелинде Түркия Республикасынын Анкара шаарындагы Президенттик сарайда Түркиянын түштүк-чыгышында үстүбүздөгү жылдын 6-февралында болгон жер титирөөлөрдөн улам куткаруу иштеринде жана кырсыктын кесепеттерин жоюуда олуттуу жардам көрсөткөн чет өлкөлүк издөө-куткаруу топторуна жана дипломаттарга Мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземи болуп өттү. Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоган Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин улук лейтенанты Темирлан Жумамүдүновго Түркия Республикасынын […]Читать далее