Мамлекеттик катчы: Өлкөдө улуттар аралык мамилелерди бекемдөө иши билим берүү, маданий демилгелерди ишке ашыруу аркылуу мындан ары дагы улантылат  

 Мамлекеттик катчы: Өлкөдө улуттар аралык мамилелерди бекемдөө иши билим берүү, маданий демилгелерди ишке ашыруу аркылуу мындан ары дагы улантылат  

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов: Өлкөдө улуттар аралык мамилелерди бекемдөө иши билим берүү, маданий демилгелерди ишке ашыруу аркылуу мындан ары дагы улантылат

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн, 24-апрелде, жалпы россиялык коомдук уюм «Россия элдеринин Ассамблеясы» жана «Евразия элдеринин Ассамблеясы» эл аралык бирикмесинин өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушууда мамлекеттер жана улуттар ортосундагы өз ара достуккка жана ишенимге негизделген элдик дипломатиялык байланыштарды чыңдоо маселелери талкууланды. Ошондой эле тараптар жалпы россиялык коомдук уюм «Россия калк Ассамблеясы» тарабынан демилгеленип, Бишкек шаарында өткөрүлүп жаткан «Россия жана Кыргызстандыктардын өз ара мамилелерин өнүктүрүүдө элдик дипломатиянын ролу» аттуу конференциянын күн тартибиндеги маселелер боюнча пикир алышты.

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов Кыргызстанда улуттар аралык мамилелер чөйрөсүндө мамлекеттик саясат ырааттуу жолго салынганын, бул багытта Кыргызстан калкынын Ассамблеясынын ишмердүүлүгүнүн мааниси чоң экендигин баса белгиледи.

Ал, Кыргызстан калкынын Ассамблеясынын негизги максаттарына токтолуп, Кыргыз Республикасында жашаган улуттардын тилин, маданиятын, каада-салтын сактоого көмөктөшүү экенин кошумчалады.

«Ассамблея 1994-жылы Кыргызстан элдеринин жалпы улуттук Курултайында түзүлгөн, анын курмына өлкөдөгү 29 этникалык коомдук уюмдар кирет. Кыргызстан калкынын ассамблеясы түзүлгөндөн тартып, улуттар ортосундагы ынтымакты, биримдикти жана интеграцияны бекемдөөгө багытталган бир топ иштер жүргүзүлдү», — деп билдирди Сүйүнбек Касмамбетов.

Мамлекеттик катчы белгилегендей, өлкөдө улуттар аралык мамилелерди бекемдөө иши  билим берүү, маданий жана башка демилгелерди ишке ашыруу аркылуу  мындан ары дагы улантылат. Мындай демилгелердин бири — Кыргыз Республикасында 2021-2026-жылдарга «Кыргыз жараны» жарандык иденттүүлүктү өнүктүрүү Концепциясы болуп саналат.

Өз кезегинде Россия калк Ассамблея кеңешинин төрагасы, Башкы катчынын биринчи орун басары — Евразия элдеринин ассамблеясынын Башкы катчылыгынын жетекчиси, Россия Федерациясынын Президентине караштуу этностор аралык мамилелер боюнча кеңештин мүчөсү Светлана Смирнова Кыргызстандык кесиптештеринин жылуу кабыл алуусуна ыраазычылык билдирди.

Ал Бишкек шаарында өткөрүлүп жаткан конференциянын улуттар аралык мамилелердин ортосундагы байланыштарды активдештирүүгө өбөлгө  түзөрүн баса белгиледи.

«Элдик дипломатиянын тилин колдонуу менен терең тамырларга, улуттук каада-салттарга таянуу менен өз ара түшүнүшүү көпүрөлөрүн куруу оңой. Аны натыйжалуу ишке ашыруу эл аралык мамилелерди гумандаштырууга багытталган, анткени жарандык коомдун жана маданияттардын көп кырдуу өз ара аракеттенүүсү дипломатиялык мамилелердин жана элдердин ортосундагы достуктун негизин түзөт» — деп билдирди ал.

Жолугушууну жүрүшүндө тараптар Евразиялык жаштар формунунун ишин жандандыруу, тоо экосистемасын сактоого багытталган эл аралык иш-чараларды биргелешип өткөрүү боюнча сунуштарды ортого салышты.

Связанный пост