“Мыкты кыргыз Боз үйү” сынагы жарыяланат

 “Мыкты кыргыз Боз үйү” сынагы жарыяланат

Дүйнөлүк эпостордун эл аралык VII фестивалынын алкагында “Мыкты кыргыз Боз үйү” сынагы жарыяланат.

Сынак Боз үй жасаган улуу муундагы чеберлерден кийинки өсүп келе жаткан муундар үчүн салттуу өнөрчүлүк мектебин калыптандыруу, өнүктүрүү жана сактоо, кол өнөрчүлүктүн казынасын байытуу, элдин күнүмдүк турмушунда унутта калып бара жаткан өнөрчүлүк технологиясын кайра жандандыруу, кол өнөрчүлүктүн сырларын таасын билген уздар менен усталарды кеңири коомчулукка таанытуу максатын көздөйт.

Сынактын башкы уюштуруучусу Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги болуп саналат.

 

Катышуу шарттары

Сынакка калктын бардык катмарынын өкүлдөрү катыша алат жана жаш-курагы жана улуту чектелбейт. Сынакка ички-сырткы жасалгалары толук бүткөн, элдик нукура технологияны колдонуу менен сын-келбеттүү боз үйлөрдү өз колдору менен жасаган бардык чеберлер катыша алат.

Буга чейин эпос фествалына катышкан боз үйлөр катыша албайт.

Катышуучулар 2023-жылдын 10-май айына чейин билдирме-анкета жөнөтүүсү зарыл.

Катышуучуларга сынакка жолдомо алгандыгы тууралуу маалымат уюштуруучулар тарабынан телефон аркылуу маалымдалат.

Талаптарга ылайык, кабыл алынган боз үйлөр 2023-жылдын 16-майынын экинчи жарымында Ош шаарынын Борбордук аянтында орнотуп, сынактын жыйынтыгы чыккан соң гана чечилүүсү шарт.

Сынакка катышууга кеткен чыгымдар катышуучулардын өз эсебинен каржыланат.

Жеңүүчүлөр Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин дипломдору, грамоталары жана акчалай сыйлыктары менен сыйланат.

 

Байланыш:

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Бишкек шаары, Пушкин көчөсү, № 78

тел.: (0312) 62-36-39, 62-35-50, +996 773819898, +996 558700087.

venera-mincult@mail.ru., minculture77@mail.ru.

Связанный пост