Айдын аягына чейин декларациялар эртең мененки 9дан түн ортосуна чейин кабыл алынат

 Айдын аягына чейин декларациялар эртең мененки 9дан түн ортосуна чейин кабыл алынат

Салык органдары жеке жактарга толук жана ар тараптуу жардам көрсөтүү максатында бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу боюнча иштин өзгөчө режимине өтүштү.

Белгиленген графикке ылайык, 30-апрелге чейин декларациялар эртең мененки саат 9дан түн ортосуна чейин кабыл алынат.

Декларацияны жумуш убактысында келип берүүгө үлгүрбөгөн жеке жактар аны саат 18.00дөн кийин бере алышат.

Жеке ишкерлер болсо салык декларациясын электрондук түрдө гана тапшырышы керек.

Эскерте кетсек, 1-майда салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү аяктайт.

 

Декларацияны төмөнкүлөр тапшырышы керек:

– жеке ишкерлер, анын ичинде патент менен иштегендер;

– менчигинде салык салынуучу мүлкү жана жер участогу (короо-жай участокторунан башка) бар жеке жактар;

– юридикалык жак болуп саналбаган дыйкан жана фермердик чарбалар;

– илимий-изилдөө, чыгармачыл, окутуучулук, дарылоо-ден соолукту чыңдоочу жана аткаруу-тескөөчү иш-милдеттерге байланышпаган калкты тейлөө боюнча башка ишти жүзөгө ашырып жаткан мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын карамагында турган мекеменин, уюмдун кызматкерлери;

– мамлекеттик же муниципалдык кызматчы болуп саналбаган, мамлекеттик үлүшү бар уюмдардын жана ишканалардын кызматкерлери;

– эл аралык уюмдардагы ишинен киреше алган, жашап турууга укугу же кайрылман статусу бар жарандар;

– жыл ичинде 300 миң сомдон ашык суммадагы мүлктү сатып алган жеке жак.

Связанный пост