«МЭА» ААК 2023-жылдын I кварталында 1 миллиондон ашык жүргүнчү тейледи 

 «МЭА» ААК 2023-жылдын I кварталында 1 миллиондон ашык жүргүнчү тейледи 

«Манас» эл аралык аэропорту» ААК 2023-жылдын I кварталында 1 миллион 145 миң 542 жүргүнчүнү тейледи. Былтыркы жылга салыштырмалуу жүргүнчүлөр агымы 15,4 %ге жогорулады. Анын ичинен ички каттамдарда жүргүнчүлөр агымы 331 миң 577 болсо, эл аралык каттамдарда жүргүнчүлөр агымы – 813 миң 965 жүргүнчүнү түздү.

Ошондой эле, жогоруда аталган мезгилде 8 миң 758 каттам аткарылды: эл аралык багыттар боюнча 6 миң 161 каттам, ички багыттар боюнча 2 миң 597 каттам аткарылды, алар:

– «Манас» эл аралык аэропортунда 4 миң 855 каттам тейленген: ички – 1 миң 312, эл аралык – 3 миң 543. Жүргүнчүлөр агымы 595 миң 960 түзүп, алардын ичинен ички каттамдардан 165 миң 884, ал эми, эл аралык каттамдардан 430 миң 76 жүргүнчү тейленди.

– «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунда 60 каттам тейленди: ички – 29, эл аралык – 31. Жүргүнчүлөр агымы 3 миң 946 түзүп, алардын ичинен эл аралык каттамдардан 3 миң 933, ал эми ички каттамдардан 13 жүргүнчү тейленди.

– «Ош» эл аралык аэропортунда 3 миң 843 каттам тейленген: ички – 1 миң 256, эл аралык – 2 миң 636. Жүргүнчүлөр агымы 545 миң 636 түзүп, алардын ичинен ички каттамдардан 165 миң 680, ал эми, эл аралык каттамдардан 379 миң 956 жүргүнчү тейленди.

Связанный пост