Транспорт салыгы боюнча маалыматтык эсеп жокко чыгарылды

 Транспорт салыгы боюнча маалыматтык эсеп жокко чыгарылды

Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги Мыйзамына ылайык, жарандар жана мекемелер транспорт каражатына салык боюнча маалыматтык эсепти берүү милдетинен бошотулгандыгын Мамлекеттик салык кызматы маалымдайт.

Эми салык органдары транспорттун мамлекеттик каттоосунун маалыматтарына ылайык салыктын суммасын өз алдынча эсептешет.

Ошол эле учурда, ичинен күйүүчү кыймылдаткычы же баланстык наркы жок транспорт каражатынын ээлери салык мыйзамдарына ылайык маалыматтык эсепти беришет.

Ошондой эле, маалыматтык эсепти мурдагыдай эле турак же турак эмес жайлардын, айыл чарба багытындагы жана айыл чарба багытындагы эмес жерлердин ээлери тапшырышат.

Связанный пост