Дем алыш күндөрүнө байланыштуу салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү 2-майда аяктайт. Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматы билдирди. Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруунун акыркы күнү (30-апрель) дем алыш күнгө туш келди, ал эми 1-май майрам күнү деп белгиленди. Ушуга байланыштуу салык мыйзамдарына ылайык, салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү 2-майга чейин узартылды. Салык органдары 30-апрелде, 1 жана 2-майда декларацияларды […]Читать далее
“Аква Пром” жана “Тянь-Шань-Фиш” ишканалары Россия Федерациясына балык жана балык азыктарын экспорттой баштайт 2023-жылдын 25-26-апрель күндөрү Ветеринардык кызматтын инспекторлору тарабынан “Аква Пром” ЖЧК жана “Тянь-Шань-Фиш” ЖЧК ишканаларынын ишмердүүлүгүнө онлайн текшерүү жүргүзүлдү. 2023-жылдын 27-апрелиндеги Россия Федерациясынын Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча федералдык кызматынын № ФС-АК-7/10525 катына ылайык, жүргүзүлгөн инспекциянын негизинде 2023-жылдын 28-апрелинен тартып Кыргыз Республикасынын Россия […]Читать далее
Борбор калаадагы курулуш уюмдары жол жээгинин булганышына жол бербөө боюнча чараларды көрүшпөй, көрктөндүрүү эрежелерин бузууда. Көрктөндүрүү боюнча муниципалдык инспекциясы мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөл Бишкек шаары боюнча башкармалыгы менен биргеликте курулуш объектилеринде рейддерди өткөрүүдө. Бул жолу 39 ишкана текшерилип, дээрлик бардыгында мыйзам бузуулар табылган. Объекттин айланасында тазалык жана тартип сакталбаганы үчүн Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин […]Читать далее
Бишкек шаарынын мэриясынын жетекчилиги жана эл аралык донордук уюмдардын өкүлдөрү жаңы курулуп жаткан канализациялык коллектордун курулуш иштери менен таанышып чыгышты. Иш-чарага Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Оливье Бангертер, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Кыргызстан, Тажикстан жана Түркмөнстан боюнча аймактык жетекчиси Айтен Рустамова, Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров катышышты. Азыркы учурда Пригородное айылындагы […]Читать далее
Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, 29-апрелде саат 16:00дөн 00:00гө чейин Чүй проспектисинин Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат. Бишкек шаарынын 145 жылдыгына карата Ала-Тоо аянтында майрамдык концерттин өтүшүнө байланыштуу унаа кыймылына чектөө киргизилет. Мэрия келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт жана каттамдары алдын ала пландаштырылышын суранат.Читать далее
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы 2023-жылдын 1-майынан тартып күчөтүлгөн тартиптеги кызмат өтөөгө өтүшөт. Бүгүн бул тууралуу ИИМдин май майрамдарын өткөрүүдө коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо, укук бузуулардын, кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча атайын буйругу Ош шаарынын горнизондук разводунда өздүк курамга жеткирилди. Бул иш чарага Ош ШИИБнын өздүк курамы, ички аскерлер, милициянын атайын багыттагы полкунун […]Читать далее
Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Ош облусунун Кара-Суу районундагы №29 “Гайрат” атындагы орто мектебине барып, ишмердүүлүгү менен таанышты. Аталган мектеп кошумча чарбаларды уюштуруу менен киреше таап келет. Алсак, инкубатор аркылуу тооктун жөжөсүн чыгарып, күнөсканада лимон өстүрүп, алма-багынан как кургатып, талаага сарымсак айдап, беде сээп, чөбүн сатып кошумча каражат табат. Министр Каныбек Иманалиев мектептин […]Читать далее
КРнын Санариптик өнүктүрүү министрлиги “Булут” технологиясы аркылуу түзүлгөн электрондук колтамга ээлеринин саны өсүп жаткандыгын билдирет. Эгерде өткөн жылдын 31-мартына карата маалыматтар боюнча өлкөдө болгону 70К жакын колдонуучу болсо, бүгүнкү күндө алардын саны 290К жетти. Кварталдык статистикага ылайык, өткөн жылдын 1-кварталында электрондук колтамганы алуу үчүн болгону 16 027 кайрылуу болгон болсо, үстүбүздөгү жылы алардын саны 130 […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык, 2023-жылдын 10-майынан тартып 200, 500 жана 1000 сом номиналындагы банкнотторду, улуттук валютанын жаңы 5-сериясын жүгүртүүгө чыгарат. Жаңы сериядагы банкноттор Кыргыз Республикасынын улуттук валютасын жүгүртүүгө киргизилишинин 30 жылдыгына арналат жана улуттук валютанын 1993-жылы жүгүртүүгө киргизилгенден азыркыга чейинки: коргоо элементтеринин минималдуу топтомун камтыган […]Читать далее
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдын маалыматы боюнча, 2023-жылдын 27-апрель күнү болжол менен саат 16:00 чамасында Баткен районунун Кыштут айылында 3 турак үй, 1 убактылуу жашоочу үй (времянка), 2 сарай,1 гараждын шиферин шамал учуруп кеткен. Жерине Баткен райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн Жарандык коргоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси жана тиешелүү кызматтын өкүлдөрү жумуш алып барууда.Читать далее