Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 47-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык Талас облусунун Талас шаарынын мэри Шабданов Аскар Адылбекович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулду. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 47-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык, Чүй облусунун Токмок шаарынын мэри Самаев Урматбек Обозбекович берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулду. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2023-жылдын 12-майында улуттук валюта – кыргыз сомунун жүгүртүүгө киргизилишинин 30 жылдыгын белгилөөнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде нумизматикалык көргөзмө ачты. Көргөзмөнүн ачылышына Улуттук тарых музейинин эмгек жамааты, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин студенттери жана башкалар катышты. Катышуучулар улуттук валютаны чыгаруу жана аны жакшыртуу тарыхы, ар […]Читать далее
БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы башка өлкөлөргө социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүү үчүн
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча, Бириккен улуттар уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БУУ ДАП) 2022-жылы социалдык келишим долбоорун жакырчылыктан чыгуунун эң эффективдүү моделдеринин бири катары таанып, бул моделди башка өлкөлөргө социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүү үчүн колдонууну сунуштады. Министрлик белгилегендей, КР Президенти Садыр Жапаровдун бул демилгеси үй-бүлөлөрдү ишкерликке тартуу аркылуу оор турмуштук кырдаалдан чыгарууга багытталган. […]Читать далее
КР Президенти Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, 2022-жылдын январь айынан тарта 16 жашка чейинки балдары бар “үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулун алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн ай сайын 700 кВт саатка чейин электр энергия тарифи 50 тыйынга төмөндөдү. Мындай чара аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө даректүү социалдык колдоо көрсөтүүнүн алкагында кабыл алынган. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция […]Читать далее
Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы “Арча-Бешик” конушунда бала бакча курууда. Имарат 2 кабаттуу, жер төлөсү жок. Мектепке чейинки билим берүү мекемеси 8 топ 180 орунга эсептелген. Жалпы аянты- 1889,3 чарчы метр. Учурда сырткы жасалгалоо, аймакты көрктөндүрүү жана от казандын курулушу жүрүп жатат. Имаратта оюн-зоок, буфет, ашкана, уктоочу, жуунуу бөлмөлөрү, медициналык кабинет, кызматкерлердин бөлмөсү, музыкалык-гимнастикалык […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемеси менен курулуп бүткөн жана курулуп жаткан имараттардын сейсмологиялык жактан туруктуулугун текшерүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу комиссия түзүлдү. Мындай чечим Түркия Республикасынын аймагында болуп өткөн акыркы жер титирөөлөрдү, ошондой эле дүйнөдөгү континенттик плиталардын жылышын эске алуу менен кабыл алынды, анын натыйжасында Кыргыз Республикасынын аймагында айрым процесстер жана кубулуштар активдешип кетиши мүмкүн. […]Читать далее
Жашыл чарба муниципалдык ишканасы жаз алды менен күнөсканаларда 25 миң даана ар кандай гүлдүн көчөттөрүн даярдашкан. Бул гүлдөр шаардагы гул бакчаларга, борбордук сейил паркка отургузулат. 2 күндөн бери жашыл чарбанын жумушчулары тарабынан гүлдөр тигиле баштады. Шаар көркүнө жана жашыл чарба муниципалдык ишканасынын жумушчуларынын эмгегине шаар жашоочуларын жана конокторду кайдыгер болбой, аяр мамиле кылууга чакырышат.Читать далее
Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Ош облустук Токтогул Сатылганов атындагы китепкананын абалы менен жеринен таанышып чыкты. Таанышуу учурунда шаар башчысы мекеменин бир катар көйгөйлүү маселелери менен таанышып, жергиликтүү бийлик органдары өз ыйгарым укуктарынын чегинде бул маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтөөрүн билдирди. Белгилей кетсек, китепканага облустук мекеме статусуна карабастан көбүнчө Ош шаарынын тургундары, студенттер жана демилгелүү жаштар […]Читать далее
Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов шаардагы Масалиев көчөсүндөгү унаа агымын азайтуу максатында, жолду ачуу жана ондоп-түзөө боюнча көлөмдүү иштер жүрүп жаткан Алай көчөсүнө барып, аткарылып жаткан иштер менен жеринде таанышып чыкты. «Ош шаардык жолдору» муниципалдык ишканасынын маалыматына караганда, долбоор боюнча Алай көчөсүнүн тилкесинде жайгашкан, Масалиев проспектисине кошулган эки көчөнүн жалпы узундугу 740 метр, туурасы – […]Читать далее