97 курулуп жаткан социалдык объектиге видеокамералар орнотулду

 97 курулуп жаткан социалдык объектиге видеокамералар орнотулду
Кыргыз Ресупбликасынын Президентинин тапшырмасын аткаруу максатында жана архитектура-курулуш тармагында башкаруу механизмдерин киргизүү программасын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги 2022-жылдын сентябрь айынан тартып азыркы учурга чейин “Капиталдык салымдар” беренеси боюнча республикалык бюджеттен каржылануучу курулуп жаткан социалдык объекттерге видео-байкоону орнотуу боюнча иш-чараларды жүргүзүп жатат.
Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында 2023 – жылга карата курулуш тизмесине кирген 240 объекттин ичинен 97 курулуп жаткан социалдык объектиге курулуш иштеринин жүрүшүн көзөмөлдөө үчүн видеокамералар орнотулган.
Белгилей кетсек, видео-трансляциялоону толук жана жеткиликтүү камсыздоо максатында Мамкурулуш агенттиги тарабынан санариптик онлайн-карта иштелип чыккан http://djgs.bb.kg/ , анда курулуп жаткан бардык социалдык объектилер көрсөтүлөт.
Бүгүнкү күндө санариптик картага Чүй, Ош, Нарын жана Талас облустары боюнча 28 объект кошулду, алар онлайн трансляциялоодо. Белгилей кетсек, видеокамералардан санариптик картага онлайн трансляцияны орнотуу боюнча иштер планга ылайык жүргүзүлүүдө. Курулуп жаткан бардык социалдык объекттерге видеобайкоо орнотулары тууралуу маалымдайбыз.

Связанный пост