Ош шаарынын Масалиев жана Навои көчөлөрүнүн кесилишинде үстү жабык жөө адамдар өтүүчү өтмөк курулат

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Масалиев жана Навои көчөлөрүнүн кесилишиндеги үстү жабык жөө адамдар өтүүчү өтмөктүн курулуш долбоору менен таанышты. Анын алкагында калаа башчысы техникалык кеңешме өткөрдү.

Аны менен катар долбоор боюнча тиешелүү кызматтардын жетекчилеринен тийиштүү маалыматтар алынды.

Ош шаардык мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын маалыматына караганда, учурда долбоорду даярдоо иштери аяктап, тиешелүү долбоордук-сметалык документтери бүтүп, тендер өттү.

Андан сырткары шаар башчысы бардык кызматтарга долбоорду ишке ашырууга керектүү жардамдарды жана көмөк көрсөтүүнү тапшырды.

Связанный пост