Бишкекте Улуу Ата-Мекендик согуштун Жеңишинин 78 жылдыгына арналган митинг-реквием болуп өттү

2023-жылдын 9-майында Бишкек шаарынын Жеңиш аянтында  1941-1945-ж.Улуу Ата-Мекендик согуштун Жеңишинин 78 жылдыгына арналган митинг-реквием болуп өттү.

Эскерүү иш-чарасына Кыргыз Республикасынын Коргоо министри генерал-лейтенант Бактыбек Бекболотов, Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, согуштун жана ооруктун ардагерлери, министрликтердин жана ведомстволорунун жетекчилери, чет өлкөлөрдүн аскердик-дипломатиялык корпусунун өкүлдөрү, Бишкек шаарынын тургундары жана коноктору катышты.

Митинг-реквиемдин катышуучулары «Өчпөс отко» гүл коюшуп, Улуу Ата-Мекендик согуштун фронтторунда курман болгондордун элесин бир мүнөттүк тыныгуу менен урматташты.

Иш-чара Бишкек гарнизонунун аскерлеринин салтанаттуу жүрүшү менен аяктады.

Ошол эле күнү Бишкек гарнизонунун аскерлери Бишкек шаарынын борбордук көчөлөрүнөн согуш учурундагы ырлар менен өтүшүп, эл аралык «Өлбөс полк» акциясына катышты, согуш учурундагы курал жана аскердик техникалардын көргөзмөсү жана «жоокер азыгы» уюштурулду. Ошондой эле борбор калаабыздын парктарында Куралдуу Күчтөрүнүн Борбордук Армия үйүнүн, Коргоо министрлигинин өзүнчө аскердик-көргөзмө оркестринин, КК Улуттук гвардиясынын, ИИМ Ички аскерлеринин жана КР УКМК Чек ара кызматынын аскердик оркестрлеринин чыгармачыл жамааттарынын аткаруусунда согуш учурундагы ырлар менен коштолгон концерт уюштурулду.

Улуу Жеңиш күнүнүн алдында КР Коргоо министрлигинин бардык кошуундарында, аскер бөлүктөрүндө жана мекемелеринде эрдик сабактары, ачык эшик күндөрү, Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлерин куттуктоо өткөрүлүп, Ош жана Бишкек шаарларында «Эскерүү вахтасы» жана «Эскерүү оту» патриоттук акциясын өткөрүлдү. Мындан  тышкары  республиканын бардык аймагында  ардагерлер менен жолугушуу, куткаруучу-жоокерлердин эстеликтерине гүлчамбар коюу уюштурулду.

Связанный пост