Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырып жаткан “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында пилоттук 1200 мектептеги 39 миң 410 педагогду окутту. Дагы 20 миңдей мугалим тренингден өтөт. Педагогдордун кесиптик көндүмдөрүн жогорулатууга багытталган иш чаралар 2023-жылы башталган. Азыркы учурга келип окутулган мугалимдердин саны төмөндөгүдөй: * “Санариптик сабаттуулук” программасы боюнча – […]Читать далее
Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаеванын жетекчилиги алдында россиялык өнөктөштөр кура турган 9 билим берүү мекемесинин курулушуна даярдык көрүү боюнча жыйын өттү. Ведомстводон билдиришкендей, жыйынга Билим берүү министрлигинин Эл аралык кызматташтык жана коомчулук менен байланыштар департаментинин кеңешчиси Иван Соломоненко жетектеген Россия Федерациясынын делегациясы катышты. РФ өкүлдөрү курулуштун техникалык деталдарына токтолушуп, мектептердин дизайны, […]Читать далее
Бүгүн, 1-мартта, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде мектепке чейинки курактагы балдар үчүн “Бөбөктай” балдарды эрте өнүктүрүү борбору ачылды. Министр Догдуркул Кендирбаева салтанаттуу ачылышта балдарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруу керек экенин баса белгиледи. Борборду ачуу идеясы Билим берүү жана илим министри Догдуркул Кендирбаевага таандык. «Мен биринчи күнү министр кызматына келгенде балдар менен кошо жумушка […]Читать далее
Кыргызстанда бул жылы 73 миңден ашык окуучу мектепти аяктайт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Билим берүү жана илим министрлигинин жогорку, орто кесиптик жана ЖОЖдон кийинки билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Айнура Асан кызы билдирди. Ал ошондой эле бүтүрүүчүлөргө толук орто билими тууралуу аттестат бекер берилерин белгиледи.Читать далее
Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөө 17-майдан 25-майга чейин өтөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Билимди баалоо жана окутуунун методикалары борборунун директору Чынара Батракеева билдирди. Ал ЖРТга тестирлөө 29-февралда башталганын жана 4-апрелге чейин аталган борбордун сайтында онлайн жүргүзүлө турганын эске салды. Батракеева маалымдагандай, каттоо 2023-2024-окуу жылынын бүтүрүүчүлөрү үчүн окуп жаткан окуу жайларында жана […]Читать далее
Билим берүү жана илим министрлигинин 2024-жылы Жалпы республикалык тестке каттоо жүргүзүү (онлайн түрүндө) жөнүндө буйругу чыкты. Ведомстводон билдиришкендей, буйрукка ылайык, Жалпы республикалык тестке бүтүрүүчүлөрдүн өз ыктыярынын негизинде каттоо 2024-жылдын 29-февралынан 4-апрелине чейин жүргүзүлөт. “Каттоо 2023-2024-окуу жылынын бүтүрүүчүлөрү үчүн окуп жаткан окуу жайларында жана мурунку жылдары бүткөн бүтүрүүчүлөр үчүн негизги жашаган жеринде жайгашкан райондук/шаардык билим берүү […]Читать далее
Билим берүү министрлиги: Бүтүрүүчүлөргө мектепти аяктагандыгы тууралуу документтер бекер берилет
Жалпы негизги билим жөнүндө күбөлүк жана жалпы орто билим жөнүндө аттестат бүтүрүүчүлөргө акысыз берилет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигиген билдиришти. Ведомствонун маалыматына караганда, мектеп жетекчилигинин жана башка жактардын мамлекеттик үлгүдөгү бул документтер үчүн акча талап кылууга укугу жок. “Эгерде аттестат жоголуп же башка себептер менен дубликат алына турган болсо, аттестаттын тиркемеси менен дубликатына […]Читать далее
Кыргызстанда бардык мугалимдер ноутбук менен камсыздалат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Лира Самыкбаева Sputnik агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди. Анын айтымында, ноутбуктарды алуу үчүн бюджеттен 1,5 миллиард сом бөлүндү. “Изилдөөлөр коронавирус пандемиясы учурунда мугалимдердин 60 пайызы өздөрүнө жеке ноутбук же персоналдык компьютер сатып алганы, калган 40 пайызынын техникасы жок экенин […]Читать далее
Билим берүү жана илим министрлиги “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өнүгүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында 17 пилоттук колледжде жумуш ордунда окутуу сыяктуу инновациялык ыкманы жайылтууда. Жумуш ордунда окутуу билим берүү уюмунун өндүрүштүк бөлүмдөрүндө, ишканалардын базасында билимди бекемдөөгө жана практикалык көндүмдөрдү өздөштөрүүгө багытталган. “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өнүгүү үчүн көндүмдөр” долбоорун ишке ашыруунун натыйжасында: * 8 колледж […]Читать далее
Кыргызстан менен Түркия билим берүү тармагындагы кызматташтыкты бекемдейт. Бул тууралуу КР Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, кечээ Анкара шаарында билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева түркиялык кесиптеши Юсуф Текин менен эки өлкөнүн билим берүү тармагындагы кызматташтыгынын негизги аспектилерин талкуулады. Тараптар учурдагы Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы билим берүү тармагындагы макулдашууну жаңылоонун келечегин талкуулашты. Ошондой […]Читать далее