Кыргызстан менен Түркия билим берүү тармагындагы кызматташтыгын бекемдейт

 Кыргызстан менен Түркия билим берүү тармагындагы кызматташтыгын бекемдейт

Кыргызстан менен Түркия билим берүү тармагындагы кызматташтыкты бекемдейт. Бул тууралуу КР Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ Анкара шаарында билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева түркиялык кесиптеши Юсуф Текин менен эки өлкөнүн билим берүү тармагындагы кызматташтыгынын негизги аспектилерин талкуулады.

Тараптар учурдагы Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы билим берүү тармагындагы макулдашууну жаңылоонун келечегин талкуулашты. Ошондой эле билим берүү жана маданий алмашууну бекемдөө максатында Ван провинциясынын Улупамир айылына мугалимдерди жиберүү жөнүндө Протоколго кол коюунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Мындан сырткары, жолугушууда тараптар сапаттуу билим берүүнү камсыз кылуу үчүн STEM предметтеринин (илим, технология, инженерия, математика) мугалимдерин кайра даярдоо программаларын активдүү колдоого жана өнүктүрүүгө даярдыктарын билдиришти.

Жолугушуунун соңунда тараптар эмгек рыногунун керектөөлөрүнө жооп берген жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо максатында эки өлкөнүн кесиптик-техникалык билим берүү мекемелеринин ортосундагы кызматташтыкты активдештирүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, талкууланган демилгелерди ийгиликтүү ишке ашырууга жана билим берүү тармагында жемиштүү кызматташууну улантууга ишеним артарын билдиришти.

Связанный пост