Кыргызстанда бардык мугалимдер ноутбук менен камсыздалат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Лира Самыкбаева Sputnik агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди. Анын айтымында, ноутбуктарды алуу үчүн бюджеттен 1,5 миллиард сом бөлүндү. “Изилдөөлөр коронавирус пандемиясы учурунда мугалимдердин 60 пайызы өздөрүнө жеке ноутбук же персоналдык компьютер сатып алганы, калган 40 пайызынын техникасы жок экенин […]Читать далее
Билим берүү жана илим министрлиги “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өнүгүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында 17 пилоттук колледжде жумуш ордунда окутуу сыяктуу инновациялык ыкманы жайылтууда. Жумуш ордунда окутуу билим берүү уюмунун өндүрүштүк бөлүмдөрүндө, ишканалардын базасында билимди бекемдөөгө жана практикалык көндүмдөрдү өздөштөрүүгө багытталган. “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өнүгүү үчүн көндүмдөр” долбоорун ишке ашыруунун натыйжасында: * 8 колледж […]Читать далее
Кыргызстан менен Түркия билим берүү тармагындагы кызматташтыкты бекемдейт. Бул тууралуу КР Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, кечээ Анкара шаарында билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева түркиялык кесиптеши Юсуф Текин менен эки өлкөнүн билим берүү тармагындагы кызматташтыгынын негизги аспектилерин талкуулады. Тараптар учурдагы Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы билим берүү тармагындагы макулдашууну жаңылоонун келечегин талкуулашты. Ошондой […]Читать далее
Россия өкмөтү жана Бириккен улуттар уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы Кыргызстандын мектептерде ысык тамак берүү программасын колдойт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, күн мурун Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өкүлү жана өлкөлүк директору Кожиро Накай менен биргеликте РФ өкмөтүнүн каржылоосу менен ысык тамак уюштурулган Чүй облусунун Кант […]Читать далее
Билим берүү жана илим министрлигине караштуу “Санарип билим берүү борбору” мамлекеттик мекемеси түзүлдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Белгиленгендей, борбор КР министрлер кабинетинин 2023-жылдын 7-сентябрындагы №448 токтомуна ылайык түзүлдү. Борбордун максаты санариптик чечимдерди иштеп чыгуу жана киргизүү жолу менен өлкөнүн билим берүү системасынын инфраструктурасын жакшыртуу болуп саналат. Мамлекеттик мекеме түздөн-түз Билим берүү жана илим министрлигине баш […]Читать далее
Кыргызстанда 34 кесиптик лицей жана колледж компьютердик техникалар менен камсыз болот. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, техника менен камсыздоо Азия өнүктүрүү банкынын колдоосунда ишке ашырылып жаткан “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында жүргүзүлөт. Ошентип, 2024-жылы 34 башталгыч жана орто кесиптик билим берүү мекемелери жана Республикалык илимий методикалык […]Читать далее
Бишкекте 2-февралдан тарта мектеп жана бала бакчалардын бардыгы онлайн форматка өттү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Мындай чечим мэриянын шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан Бишкек ЖЭБде катталган аварияга байланыштуу кабыл алынган. “Чечим шейшемби, тактап айтканда, 6-февралга чейин күчүндө болот”, — деп айтылат билдирүүдө.Читать далее
Кыргызстанда 1-класстын окуучулары кошумча бир жумалык каникулга тарайт 30/01/24 12:17 БИЛИМ0 Бишкек, 30.01.24. /Кабар/. Кыргызстанда 1-класстын окуучулары үчүн III чейректе кошумча бир жумалык каникул берилерин жана анын күндөрүн ар бир регион өз алдынча аныктайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Кошумча каникулду райондук, шаардык билим берүү башкармалыктары ар […]Читать далее
2024-жылдын 24-январында Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде “Anglia Examinations” эл аралык тестирлөө борбору ачылды. Кыргыз улуттук университетинин ректору Төлөбек Абдырахманов тестирлөө борборунун ачылышы студенттер үчүн келечектүү долбоор экенин айтып, тилдерди үйрөнүүгө чакырып, тил билүү менен көптөгөн мүмкүчүлүктор ачыларын белгиледи. Билим берүү жана илим министрлигинин мектептеги жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башчысы Алтынбек Жапаров […]Читать далее
Акыркы үч жылдын ичинде Кыргызстанда жалпы 189 мектеп курулуп, 43 мектеп капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет. Маалыматта аталган билим уялары республикалык бюджеттен жана ар кандай фонд, уюм, булактардын эсебинен каржылангандыгы айтылат. Мындан сырткары, 4 мектепке кошумча имарат салынып, 9 мектепке кошумча спорт залдар курулду. Ведомстводон 2021-2022-2023-жылдардагы мектептердин курулуш динамикасын […]Читать далее