Коом

Токтогул ГЭСинин гидроагрегаттары реконструкциядан өтөт

Токтогул ГЭСинин гидроагрегаттары реконструкциядан өтөт. Бул тууралуу КРнын Энергетика министрлиги маалымдайт. Учурда, бир агрегаты жасалып 60 МВт кубаттуулук кошулду. Жылдын аягында дагы бир агрегат реконструкция болуп дагы 60 МВт кубаттуулук кошулат. 2024-2025-жылдары калган 2 агрегат жасалып, жалпы 240 МВт кубаттуулук кошулат. Натыйжада, Токтогул ГЭСинин кубаттуулугу 1440 МВт жетет.Читать далее

Президент

Финансы пирамидасын жарнамалоо ири өлчөмдөгү зыян келтирүү менен коштолсо 200

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Мыйзам 2023-жылдын 5-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Бул Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренесинин жоболорун актуалдаштыруу жана ири өлчөмдөгү зыян келтирүү менен финансы пирамидасын ачык айкын, массалык маалымат каражаттарын жана интернет-ресурстарын колдонуу менен жарнамалоо […]Читать далее

Коом

Жарандар мындан ары салык салууну токтотуу үчүн пайдаланылбаган транспорт каражаттарын

Мамлекеттик салык кызматы транспорт каражаты менчик укугуна таандык болгон жана укукту күбөлөндүрүүчү документи бар адам транспорт салыгын төлөөчү болуп саналаарын маалымдайт. МСКнын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, салык органдары транспорт каражатына салык төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча иштерди туруктуу негизде жүргүзүүдө. Анын ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (“Унаа”) маалымат базасында транспорттун бар экендигин текшерип, салык төлөө зарылдыгы […]Читать далее

Коом

Бишкектин тургундарына көрктөндүрүү эрежелерин бузгандыгы үчүн 300 миң сом айып

Бишкек шаарынын мэриясынын Көрктөндүрүүнү контролдоо боюнча муниципалдык инспекциясы эки жумадан бери шаардын аймагында көрктөндүрүү эрежелерин сактабаган фактылар боюнча рейд өткөрдү. Бул тууралуу боробор калаанын мэрияснынын басма сөз кызматы билдирди. Бир айга жарыяланган жамааттык  ишембилике карабастан, менчик ээлери болгон бардык юридикалык жана жеке жактар тараптан шаар аймактарын тазалоонун, жашыл зоналарды коргоонун тартибин аныктаган тышкы көрктөндүрүү жаатындагы […]Читать далее

Коом

«Сетунь» бала бакчасынын имаратын реконструкциялоо иштери 85%га аткарылды

Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров «Сетунь» бала бакчасына көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Бала бакчанын имаратын реконструкциялоо иштери башкармалык тарабынан жүргүзүлүп, учурда 85%га аткарылган. Капиталдык оңдоп-түзөө иштери менен катар имараттын конструкциясы жаңыланган. Мектепке чейинки мекеме эки кабаттуу, имараттын аянты 1231 м2, аянты 0,52 га. Бала бакча 130 орунга […]Читать далее

Коом

Калкты тейлөө борборлору узартылган иш графигине өтүшөт

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги 2023-жылдын 1-июнунан тарта аймактар аралык бөлүмдөр узартылган иш графигине өтө тургандыгын маалымдайт. Ушул жылдын 1-июндан баштап пилоттук долбоор ишке киргизилген Калкты тейлөө борборлору 8.00 – 20.00 чейин жаңы режимде иштешет. Алар: КТБ-2 г. Бишкек (Бишкек шаарынын Свердлов району и Чүй облусунун Аламүдүн району); КТБ Каракол ш. (Ысык-Көл облусу); КТБ Ош […]Читать далее

Коом

Жогорку соттун төрагасынын мурдагы биринчи орун басары Кубаныч Момбеков дүйнө салды

Сот системасы орду толгус оор жоготууга учурады. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун  төрагасынын мурдагы биринчи  орун басары, экс-судья Момбеков Кубаныч Алиевич 63 жашында дүйнө салды. Момбеков Кубаныч Алиевич 1959-жылдын 1-августунда Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Жаңы-Жол айылында туулган. 1987-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин юридикалык факультетинин укук таануу адистигин аяктаган. Эмгек жолун 1987-жылы тергөөчүнүн стажеру, прокурордун жардамчысы болуу менен […]Читать далее

Коом

Бишкектин бир эле районунунда түнкү рейд учурунда кароосуз жүргөн 22

Свердлов районунун акимиатынын, райондук ички иштер башкармалыгынын балдар боюнча инспекциясынын, райондук билим берүү борборунун, Свердлов райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын, муниципалдык аймактык башкармалыгынын жана Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө кызматынын кызматкерлери   кароосуз калган жашы жете электерди, ошондой эле кайырчылык жана оор эмгек менен алектенген балдарды аныктоо боюнча рейддик иш-чара өткөрдү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын […]Читать далее

Коом

Жыл башынан бери өлкөдө 200 млн ашуун даана жумуртка өндүрүлдү

2023-жылдын 1-майына карата республика боюнча 200 млн 679 миң даана жумуртка өндүрүлдү. Бул тууралуу КРнын Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Ведомствонун маалыматына ылайык, бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 30434 миң даанага же 117,9 пайызга көп.Читать далее

Коом

Кыргызстанда жыл башынан бери 122 миң тонна эт өндүрүлдү

2023-жылдын 1-майына карата мал чарба продукцияларынын ичинен тирүүлөй салмакта 122 миң тонна эт өндүрүлдү. Бул тууралуу КРнын Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1590 тоннага же 1,3 пайызга көп өндүрүлгөн.Читать далее