Жогорку соттун төрагасынын мурдагы биринчи орун басары Кубаныч Момбеков дүйнө салды – некролог

 Жогорку соттун төрагасынын мурдагы биринчи орун басары Кубаныч Момбеков дүйнө салды – некролог

Сот системасы орду толгус оор жоготууга учурады. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун  төрагасынын мурдагы биринчи  орун басары, экс-судья Момбеков Кубаныч Алиевич 63 жашында дүйнө салды.

Момбеков Кубаныч Алиевич 1959-жылдын 1-августунда Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Жаңы-Жол айылында туулган. 1987-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин юридикалык факультетинин укук таануу адистигин аяктаган.

Эмгек жолун 1987-жылы тергөөчүнүн стажеру, прокурордун жардамчысы болуу менен баштаган.

1991-1992-жылдары Жалал-Абад облусунун прокуратурасында бөлүмдүн прокурору болуп эмгектенген.

1998-жылдан 2003-жылга чейин Ош облусунун Арбитраждык сотунда төраганын орун басары кызматын ээлеген.

Андан кийин 2003-2007-жылдары Ош облустук сотунун төрагасынын орун басары болуп иштеген.

2007-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда судья болгон, андан соң Жогорку соттун төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалган.

2010-жылы Жогорку соттун төрагасынын милдетин аткаруучу болуп иштеген.

Судьялык кызматты аркалаган учурда өз ишин мыкты билген тажрыйбалуу юрист катары ишине жоопкерчиликтүү карап, сот тутумунун өнүгүшүнө салымын кошкон.

Кылмыш-жаза, жарандык  жана экономикалык иштерин сапаттуу карап, мыкты судья катары көрсөтө алган.

Сот тармагындагы ак ниет жана үзүрлүү эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы, Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасы, Жогорку соттун Ардак грамотасы менен сыйланган, мындан тышкары жогорку  квалификациялык класстагы мамлекеттик чиндин ээси болгон.

Момбеков Кубаныч Алиевич мыйзамдарды терең билген, кесиптик чоң тажрыйбасы бар принципиалдуу судья катары кесиптештеринин эсинде калат.

Үй-бүлөсүнүн, туугандарынын жана жакындарынын орду толгус кайгысын тең бөлүшөбүз.

С. Н. Жапаров, Н. Т. Шакиев, А.У. Жапаров, Э.Ж. Осконбаев, З. К. Базарбеков, С. С. Касмамбетов, К.Т. Зулушев, Э. Ж. Байсалов, Н.А. Сулайманкулов, К.А. Дуйшеев, Н.А. Мусаев, Н.Ж. Бакирова, Ш.Р. Камчыбеков, К.К. Джунушпаев, А.А.Абытов, М.А.Арстанбеков.

Связанный пост