«Сетунь» бала бакчасынын имаратын реконструкциялоо иштери 85%га аткарылды

Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров «Сетунь» бала бакчасына көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Бала бакчанын имаратын реконструкциялоо иштери башкармалык тарабынан жүргүзүлүп, учурда 85%га аткарылган. Капиталдык оңдоп-түзөө иштери менен катар имараттын конструкциясы жаңыланган. Мектепке чейинки мекеме эки кабаттуу, имараттын аянты 1231 м2, аянты 0,52 га.

Бала бакча 130 орунга ылайыкталып, кенже тайпа, 2 чоң тайпа жана 2 даярдоо тобу каралган.

Оюн жана уктоочу бөлмөлөрдөн тышкары музыка жана гимнастика үчүн өзүнчө бөлмө бар.

Мектепке чейинки балдар мекемеси бардык көмөкчү бөлмөлөр: медициналык бөлмөлөр, коомдук тамактануу бөлүмү, кир жуучу жай, чарбалык бөлмөлөр менен долбоорлонгон. Ошондой эле аймак көрктөндүрүлүп, ар бир топ үчүн өзүнчө балдар аянтчалары орнотулат.

Связанный пост