Жыл башынан бери өлкөдө 200 млн ашуун даана жумуртка өндүрүлдү

 Жыл башынан бери өлкөдө 200 млн ашуун даана жумуртка өндүрүлдү

2023-жылдын 1-майына карата республика боюнча 200 млн 679 миң даана жумуртка өндүрүлдү. Бул тууралуу КРнын Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ведомствонун маалыматына ылайык, бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 30434 миң даанага же 117,9 пайызга көп.

Связанный пост