Калкты тейлөө борборлору узартылган иш графигине өтүшөт

 Калкты тейлөө борборлору узартылган иш графигине өтүшөт

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги 2023-жылдын 1-июнунан тарта аймактар аралык бөлүмдөр узартылган иш графигине өтө тургандыгын маалымдайт.

Ушул жылдын 1-июндан баштап пилоттук долбоор ишке киргизилген Калкты тейлөө борборлору 8.00 – 20.00 чейин жаңы режимде иштешет. Алар:

  1. КТБ-2 г. Бишкек (Бишкек шаарынын Свердлов району и Чүй облусунун Аламүдүн району);
  2. КТБ Каракол ш. (Ысык-Көл облусу);
  3. КТБ Ош ш.;
  4. КТБ Баткен ш. (Баткен облусу);
  5. КТБ Шопоков ш. (Чүй облусу);
  6. КТБ Кочкор а. (Кочкор району, Нарын облусу);
  7. КТБ Сузак а. (Сузак району Жалал-Абад облусу).

Калкты тейлөө борборлору 8.00ден 20.00гө чейин түшкү тыныгуусуз ишейт. Азыркы учурда КТБлар саат 9.00дон 18.00го чейин иштеп, түшкү тыныгуусу саат 12.30дан 13.30га чейинки убакытты түзөт.  Департаменттин калган региондор аралык бөлүмдөрү акырындык менен жаңы иш тартибине өтүшөт.

Бул өзгөрүүлөр калкка ынгайлуу шарттарды түзүү, мамлекеттик кызматтарды оңой алуу жана көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу үчүн жасалууда.

Күн сайын Республика боюнча региондор аралык бөлүмдөр 500дөн 2500гө чейин жарандарды тейлейт. Кезектерди жоюу жана калк үчүн эң ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн бардык чаралар көрүлүүдө.

Связанный пост