Казакстанда акыркы суткада 2661 адамдан коронавирус табылды

 Казакстанда акыркы суткада 2661 адамдан коронавирус табылды

Казакстанда өткөн суткада коронавирус инфекциясы 2 миң 661 адамдан табылды. Бул тууралуу “Казинформ” эл аралык маалымат агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Нур-Султан шаарында – 949, Алматы шаарында – 446, Шымкент шаарында – 51, Акмоло облусунда – 101, Актөбе облусунда – 70, Алматы облусунда – 77, Жетысу облусунда – 57, Атырау облусунда – 44, Чыгыш-Казакстан облусунда –28, Абай облусунда – 41, Жамбыл облусунда – 25, Батыш-Казакстан облусунда – 98, Караганда облусунда – 344,Улытау облусунда – 8, Костанай облусунда – 81, Кызылорда облусунда – 58, Мангистау облусунда – 47, Павлодар облусунда – 71, Түндүк-Казакстан облусунда – 46, Түркстан облусунда – 19 адамдан COVID-19 табылган.

Казакстанда оору катталгандан тарта бардыгы болуп 1 млн 357 миң 276 адам коронавирус жуктурган.

Связанный пост