Бишкекте ИИМдин тергөө-ыкчам кызматкерлери үчүн окуу семинары өттү

 Бишкекте ИИМдин тергөө-ыкчам кызматкерлери үчүн окуу семинары өттү

Бишкекте Ички иштер министрлигинин тергөө-ыкчам кызматкерлери үчүн окуу семинары болуп өттү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, семинар ИИМдин демилгеси жана ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин колдоосу менен «КР ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан Кылмыш-жаза жана Жазык-процесстик кодекстерди укуктук колдонуунун негиздери» темасында өттү.

Иш-чарага ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин полиция маселелери боюнча кеңешчиси Константин Бедарев жана ИИМдин Укуктук камсыздоо башкармалыгынын бөлүм башчысы Нурлес Өмүралиев катышты.

Константин Бетарев 2021-жылдын 1-декабрында тартып күчүнө кирген КЖК жана КЖПК ченемдерин ишке ашыруу жана укук колдонуу формаларына жана ыкмаларына тергөө-ыкчам бөлүмдөрүнүн кызматкерлерин окутуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

“Семинардын негизги максаты жарандар менен өз ара аракеттенүү жана сылык мамиле кылуу маселелери боюнча билимдерди өркүндөтүү, этиканы сактоо, тергөө алдындагы текшерүүнүн жүрүшүндө инсандын ар-намысын жана кадыр-баркын урматтоо принциптерин сактоо; кылмыштарды сапаттуу, толук иликтөө көндүмдөрүн өздөштүрүү жана жазык мыйзамын туура колдонуу, ошондой эле шектүүлөрдүн, күбөлөрдүн жана жабырлануучулардын көрсөтмөлөрүн талдоо жана суракка алуу көндүмдөрүн өркүндөтүү болуп саналат”, – деп айтылат маалыматта.

Соңунда катышуучулар өз ишмердүүлүгүндө укук колдонуу практикасынын артыкчылыктуу багыттары жана көйгөйлөрү жөнүндө ой-пикирлери менен бөлүштү.

Связанный пост