Алтынбек Жумаев президенттин маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси кызматынан бошотулду
![Алтынбек Жумаев президенттин маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси кызматынан бошотулду](https://eltr.kg/wp-content/uploads/2022/08/00_730x0.730x0.png)
Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Жумаев Алтынбек Мусаевич башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.