Аксыда кичи ГЭСтин курулушу башталды

 Аксыда кичи ГЭСтин курулушу башталды

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Тосту айылынын Сай-Конок тилкесинде кубаттуулугу 500 кВт болгон кичи ГЭСтин курулушу башталды.

Курулуп жаткан кичи ГЭСти 2022-жылдын декабрь айында пайдаланууга берүү пландалууда. Курулуш иштерине кыргызстандык Нурланбек Ормонов инвестиция салган.

Курулуштун сметалык баасы 720 миң АКШ долларын түзөт.

Связанный пост