Өлкөдө сутка ичинде 18 өрт кырсыгы катталды

 Өлкөдө сутка ичинде 18 өрт кырсыгы катталды

Сутка ичинде өлкө аймагында 18 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 23 бөлүм тартылган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 4, Ош шаарында 1, Ош облусунда 1, Чүй облусунда 6, Нарын облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 4, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Бишкек шаарынын Октябрь районунда “Ак-Сарай” кафесинин 40 чарчы метр ашканасы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ошондой эле Бишкектин Биринчи май районунда “Гала Групп” курулуш компаниясы куруп жаткан көп кабаттуу турак үйдүн 14-кабатында монолит куюуга орнотулган 550 чарчы метр жыгач опалубкалар күйгөн. Тилсиз жоонун себеби такталууда.

Ош облусунун Ноокат районундагы Кулатов айылында турак үйдүн короосунда жыгач устундуу шифер менен жабылган мал сарайдын 64 чарчы метр чатыры, 1 тонна саман, жарым тонна чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Нарын шаарында “Мерседес Бенц” үлгүсүндөгү жеңил унаанын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн. Өрт электр зымдарынын кыска чыңалуусунан келип чыккан.

Связанный пост