Маданият

Түмөнбай Колдошов маданият министринин орун басары болуп дайындалды

Обончу жана аткаруучу Түмөнбай Колдошов маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирет. Маалыматта Колдошев буга чейин маданият министринин орун басарлык кызматын аркалап келген Салтанат Аманованын ордуна келгендиги айтылат. Ошондой эле Кинематография департаментинин директору Мукталы Бектеналиев да ээлеген кызматынан бошотулду. Борбордук аппараттын кызматкерлери менен болгон […]Читать далее

Спорт

Бүгүн Айпери Медет кызы дүйнө чемпионатында күрөшөт

Кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы бүгүн, 13-сентябрда Сербиядагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатында күрөшөт. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) сайтында жазылат. Айпери Медет кызы 76 кг салмакта күрөшөт. Ал мелдештин 1/8 финалында кытайлык Жуан Ванг менен литвалык Камиле Гаучайтенин жеңүүчүсү менен кармашат. Чемпионаттын тандоо туру Бишкек убактысы менен саат 14:30да башталат. Мындан сыртары, бүгүн Жоламан […]Читать далее

Коом

Бишкекте турак үй өрттөнүп, эки кыз жаракат алды

Бишкекте үйдөн өрт чыгып, эки кыз жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, Биринчи Май районунун Серпухов көчөсүндө жалпы аянты 120 чарчы метр жыгач устундуу тунике менен жабылган турак үйдүн мансард чатыры, гипсакартон шыбы толугу менен күйгөн. Өрттүн кесепетинен 2009-жылы туулган Н.Т. көзүнөн жаракат алып, 2010-ж.ылы туулган К.С. түтүндүн […]Читать далее

Спорт

Дүйнө чемпионатында Айсулуу Тыныбекова япон кызга утулуп калды

Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова Сербиядагы кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында коло байге үчүн күрөшөт. Тыныбекова 62 кг салмакта кыз-келиндер күрөшү боюнча чемпионаттын 1/8 финалында болгариялык Биляна Дудова менен күрөштү. Кыл чайнашкан беттеште Тыныбекова атаандашын 3:2 эсебинде утуп, чейрек финалга чыкты. Анда кыргыз кызы германиялык Луиза Нимешти 4:0 эсебинде артта калтырды. Жарым финалда Айсулуу япониялык Нонока […]Читать далее

Спорт

Амантур Исмаилов дүйнө чемпионатында үчүнчү орундун ээси болду

Амантур Исмаилов Сербияда өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатында коло байгенин ээси болду. Спортчу 67 кг салмак категорияда беттешкен. Амантур Исмаилов 1/16 финалдан баштап алгач Венгриялык балбанды 7:9 эсебинде жеңген. Ал эми 1/8 финалда Ирандык балбанга жеңилип, кийин көңүл жубатуучу беттешке чыгууга мүмкүнчүлүк алган. Анда атаандашы чыкпагандыктан коло байге үчүн беттешке чыкты. Чечүүчү 3-орун үчүн […]Читать далее

Саясат

Бийлик өкүлдөрү Нарын облусунун тургундары менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Курманкул Зулушев, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Улан Ниязбеков жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн калк менен жолугушуусу уланууда. Бүгүн Нарын облусунун Кочкор жана Жумгал райондорунун тургундары менен жолугушуулар болуп өттү. Жолугушуулардын жүрүшүндө жер тилкелерин трансформациялоо, инфраструктуранын, социалдык объектилердин абалына байланыштуу маселелер, ошондой […]Читать далее

Спорт

Дүйнө чемпионаты: Айсулуу Тыныбекова жарым финалда күрөшөт

Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова Сербиядагы кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты. Тыныбекова 62 кг салмакта кыз-келиндер күрөшү боюнча чемпионаттын 1/8 финалында болгариялык Биляна Дудова менен күрөштү. Кыл чайнашкан беттеште Тыныбекова атаандашын 3:2 эсебинде утуп, чейрек финалга чыкты. Анда кыргыз кызы германиялык Луиза Нимешти 4:0 эсебинде артта калтырды. Грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча […]Читать далее

Дүйнөдө

Кыргыз Корея дипломатиялык мамилесинин 30 жылдыгына карата майрамдык концерт уюштурулду

9-сентябрында Корея Республикасынын Осан шаарында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүн майрамдоо жана Кыргыз Корея дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата гала-концерт уюштурулду. Ага КР Эл артисти Бек Борбиев, Өктөм Сапар уулу жана Кореядагы чыгармачыл бий жана вокалдык топтору катышты. Иш-чаранын алкагында кореялык өнөктөштөрдү жана мекендештерди акысыз майрамдык концертке чакыруу уюштурулду. Элчи Аида Исмаилова куттуктоо сөзүндө Кыргыз […]Читать далее

Коом

Ленин районунда 33 жарнамалык штендер жана 29 жарнама баннери алынды

Бишкек шаарынын мэриясы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык келбеген жана уруксатсыз илинген жарнамаларды алуу иштерин жүргүзүүдө. Бишкек шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Э.Ж.Байсалов 2022-жылдын 23-августунда бекиткен “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 33 жылдыгына карата мамлекеттик тилдин бир айлыгы боюнча (23-августтан 23-сентябрга […]Читать далее

Коом

Жалбырактарды өрттөгөндүгү үчүн Чүй облустук ооруканасына айып пул салынды

Жалбырактарды өрттөгөндүгү үчүн Чүй облустук ооруканасына айып пул салынды. Ошондой эле, шаардыктардын билдирүүсү менен Ж.Огонбаев көчөсүнүн №72 дарегинде жалбырактарды өрттөө фактысы аныкталган. Шаар тургуну З. Ошурбакиева 7 миң 500 сом төлөп берүүгө милдеттүү. Кургак чөптөрдү өрттөгөндө оор химиялык заттар бөлүнүп, адам организмине, айлана-чөйрөгө коркунучтуу. Мындай мыйзам бузгандарга КРнын “Бузуу жөнүндө” кодексинин 115-беренесине ылайык 7500 сомдон […]Читать далее